Menu

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Бийликтин “тизме-гейтти” иликтөөгө күчү жетеби же жетпейби, билбейм”

Бөлүшүү:

-Равшан мырза, Ички иштер министрлиги Нурбек Токтакунов жарыялаган “тизмегейт” боюнча иликтөө ишин баштаптыр. Аныгына чыга алабы?

– Шайлоо тизмеси боюнча чыккан акчалардын маселеси бардык мамлекеттерде аябагандай оор, анан катаал болот. Анткени, мындай маалыматтар сөзсүз түрдө бийликтин жана ошону жасаган адамдардын кадыр-баркын түшүрүп, түрмөгө чейин алып кирет. Демократиялык мамлекеттерде мындай маселелер көз жаздымда калбайт. Мыйзамдуу, анан адилеттүү иликтөө жүрөт. Бизде болсо, Ички иштер министрлиги, дегеле укук коргоо органдарынын баары бийликке көз каранды. Ошондуктан, бул маселени адилеттүү иликтөөгө күчү жетеби же жетпейби, билбейм. Бизде көп эмес, кичине жылыш бар. Ошон үчүн жыйынтыгы кандай болоорун карап, анан күтө турушубуз керек.

– “Манас”эл аралык аэропортунун жетекчиси эмне үчүн кызматтан кетти, же анын орду кимдир бирөөгө керек болдубу?

– “Манас” аэропорту бийликти бекемдөөдөгү негизги орундардын, маанилүү инструменттердин бири. Биринчиси, “Манас” аэропортунун турган турпаты – акча. Анткени, бийликке “Манас” аэропорту аркылуу бизге белгилүү да, белгисиз да каналдар аркылуу эбегейсиз акчалар келип турат. Экинчиси, ал жерде учуп келген, учуп кеткен адамдар тууралуу маалыматтар болот. Башкача айтканда, бийлик “Манас” аэропорту аркылуу жашыруун учуп кетүүлөрдү, жашыруун учуп келүүлөрдү да көзөмөлдөйт. Үчүнчүсү, “Манас” аэропортун сатуу, же чет элдик компанияларга ижарага берүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени, аэропорттун абалы барган сайын оорлоп баратат. Эффективдүү башкарууга берүүгө аргасызбыз. Ошондуктан, ал жерге бийликтин ыгынан чыкпаган өз адамдары отурушу керек.

– Эмне үчүн бийлик Кытайдагы тартип лагерине камалган боордошторубузга реакция кылбай жатат? Кытай менен мындай маселени сүйлөшүүгө кудуретибиз жетпейби?

– Биздин бийлик Кытай менен мындай маселени көтөрүп, сүйлөшө албайт. Анын бир канча себеби бар. Биринчиси, Кытай жаныбыздагы эбегейсиз чоң, күчтүү мамлекет. Ошондуктан, Кытай менен мындай маселелерди талкуулоо биздин мамлекет үчүн оор. Эгерде бийлик буга чейин эл аралык мамилелерде активдүүлүгүн көргөзгөн болбосо, бийлик мындай маселени көтөрө албайт. Экинчиси, Кытайга болгон карызыбыз 2 миллиардга жетти. Эгер биз кытайларга жакпаган маселени көтөрө турган болсок, алардын ички саясатына кийлигишсек, алар карыз маселесин көтөрүп, мамлекетибизди туңгуюкка кептеп коюшу мүмкүн. Үчүнчүсү, кытайдын президенти Си Цзиньпин эмки жылы Кыргызстанга келет. Визиттин алдында ошол маселени курчутпайлы деген ойдо биздин бийлик көтөрбөй, реакция кылбай коюшу да мүмкүн. Негизи, биздин бийлигибиз Россия менен Кытайга баш көтөрө албайт. Мурда Россияга каяша айта албаса, азыр Кытайга каршы сүйлөй албайт. Анткени, алардан көп карыз алдык. Ошон үчүн улуттук кызыкчылыгыбыз тууралуу маселелерди да көтөрө албайт десем жаңылбайм.

– Равшан мырза, социалдык түйүндөрдү жакшы колдоносуз. Депутаттар бүгүн социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө маселесин көтөрө 6ашташты. Бул тармакты көзөмөлдөөгө мүмкүнбү?

-Социалдык түйүндү көзөмөлдөө маселеси бардык бийлик тарабынан көтөрүлөт. Бул маселе негизи авторитардык мамлекеттерде көбүрөөк көтөрүлөт. Анткени, бийлик өкүлдөрүнүн айрым учурда “Фейсбук”, “Инстаграм”, “Твиттер” аркылуу былыктары чыгып калып жатат. Айлалары кеткенде ал тармакты көзөмөлдөө маселесин көтөрө башташты. Алар мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, өздөрүнүн былыктарын жабыш үчүн көзөмөлдөө зарылчылыгын айтып жатышат. Бирок, мен бир нерсени так билем. Көп эле мамлекетте социалдык түйүндү көзөмөлдөөгө аракет кылышты, бирок көптөрүнүн колунан келген жок. Өзгөчө бизге окшогон мамлекеттер социалдык түйүндү көзөмөлдөй алышпайт.

– Депутат Улан Примов социалдык түйүндү көзөмөлдөсө, сөз эркиндигине кысым болбосүн айтып жатат го?

– Бул маселени эл аралык сөз эркиндиги жаатында карай турган болсок, мамлекет же мамлекеттик уюмдар социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө аракетин баштаса, сөзсүз түрдө сөз эркиндигине басым катары кабыл алынат. Ошондуктан эл аралык уюмдар, демократиялык мамлекеттер жана демократияны түшүнгөн жарандардын бардыгы социалдык түйүндөр мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышына каршы болушат. Биз дагы көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бербегенге каршылык көрсөтүүгө аракет кылышыбыз керек.

– Социалдык түйүн сиз үчүн эмне?

– Мен үчүн социалдык түйүн менин жашоомдогу маанилүү, негизги багыттардын бири. Саясатчы катары негизги саясий ишмердүүлүгүмдү социалдык түйүндөр аркылуу жүргүзөм. Социалдык түйүндөрдүн негизги багыты коом менен байланыш деп түшүнөм. Ошондуктан, кандай маселе болсо да, көз карашымды социалдык түйүндөр аркылуу жазам. Видеолорду социалдык түйүндөр аркылуу таратам. Мага колдоону же каршылыкты социалдык түйүндөр аркылуу билем. Социалдык түйүндөр биздин коомдо өзгөчө эгемен, оппозициячыл көз караштагы саясатчыларга ролу аябагандай чоң. Ошондуктан социалдык түйүндү көзөмөлгө алыш керек дегендерге сөзсүз түрдө каршы турабыз.

Автор: Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: