Menu

Кыргызстандыктар жаңы жылда бир жума бою эс алышат

Бөлүшүү:

Кыргызстандыктар жаңы жылда: 2019-жылдын 1-январынан  7-январына чейин эс алышат. Бул тууралуу КРдин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл ичиндеги башка майрам күндөрүнүн дем алыш күндөргө туш келип калышынан улам, ал күндөрдү жылдыруунун натыйжасында ушундай чечим чыгарылган.

Негизи, өкмөттүн жакындагы билдирүүсү боюнча, жаңы жылды тосууга байланыштуу дем алыш күндөрү 2018-жылдын 30-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейинки 4 эле күн  белгиленген болчу.

Бирок, 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү ишемби – дем алыш күнгө туура келип калгандыктан, анын эсебиндеги дем алыш 2-январга; 7-апрель – Элдик революция күнү жекшембиге туура келгени үчүн, анын дем алышы 3-январга; 31-август – Эгемендүүлүк күнү ишембиге туура келгени үчүн, дем алышы 4-январь иш күндөрүнө жылдырылган.

Ал эми 5-май – Конститутция күнү жекшембиге туура келгени үчүн, анын дем алышы 10-май иш күнүнө жылдырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: