Menu

Кандаштарыбыз өз мекенинде туруктуу конуш таппай жүрүшөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш тарабынан кубатталып, Кыргыз өкмөтү узак жылдарга мерчемдеген мамлекеттик “Кайрылман” программасына бекем ишенип, мындан он жыл абалы коңшулаш Өзбекстанды туруктуу байырлаган алтымыш кыргыз үй-бүлөсү Ош облусунун Өзгөн районуна дароо көчүп келишкен. Тилекке каршы, булар эмдигиче бир жаңсыл жалпы конушка отурукташа элек. Анан социалдык көйгөйлөрү дагы таптакыр чечилбеген бойдон келатат..

Айтбай Таштанбеков, кайрылман:

– Өзбекстан Республикасынан Ош облусунун Өзгөн районуна журт которгонубузга мына он жылга айланды. Айтылуу Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан кыштагында беш балам менен ар кимдин үйүндө эптеп эле жансактап келатам. Кыргыз өкмөтүнүн “Кайрылман” программасында каралгандай, биз өңдөнгөн түпкү Мекенине кайткан кыргыздарга эмдигиче жер тилкеси тартылып бериле элек. Эгерде бул көйгөйүбүз чечилсе, анан мамлекет ссуда жагынан дагы дурус жардамдашса, чынында, чоң соопко гана калышмак.

Клара Сапарбаева, кайрылман:

– Алтымыш чакты кыргыз үй-бүлөсү түпкү Мекенибизге ылым санап көчүп келгенибиз менен, азыркыга дейре жылуу сөз угуп, жакшы мамиле көрө элекпиз. Өзбекстандык кыргыздар өз Мекенибизде туруктуу конуш таппай, көрүнгөндүн үйүндө эптеп, өлбөстүн күнүн көрүп гана келатабыз. Сыягы, биздин бүгүнкү күндө кендирибизди ыраса кескен көйгөйүбүздү президентибиз Сооронбай Жээнбеков чындап эле билбейт өңдөнөт. Эгерде биздин ушул таптагы мышык ыйлагыдай тагдырыбыздан а киши кабардар болсо, кандаштарын моминтип кыйын күнгө кабылтпайт эле да… Анан Өзгөн районунун акими менен Өзгөн шаарынын мэрин биз үчүн үзгүлтүксүз кам көргөнгө акыры биротоло мажбурламак!

Абдиллаким Тажибаев, кайрылман:

2010-жыл Өзбекстандын Советабад шаарына караштуу Канабад айылынан Өзгөн районуна орун которгонбуз. Эки уулум, үч кызым бар. Жергиликтүү тургундардын бош үйлөрүндө турабыз. Өзүнчө турак жай түптөгөнгө, чынында, дараметибиз жок. Биринчиден, кайрылмандардын бирине дагы азыркыга дейре жер тилкеси ченелип бериле элек. Экинчиден, Кыргызстанда үй салганга 200 миң сом гана ссуда таратылат тура. Ыя айланайын, азыркындай шартта мынча каражат эч балээге жетпейт, эй! Мына, табигый кырсыктан жапа чеккендерге мамлекет өзү эле үй салып берип жатпайбы. Бизге деле ушундай камкордук көрүлүшүнө муктажбыз!?! Мына, карасаңыздар, коңшу Өзбекстандын президенти Мирзиёев жалаң кыргыздар жашаган Манас айылын кайрадан заманбап куруп, мекендештерин ыраса сүйүнттү го. Тим эле суктанасың! Анан ошол эле учурда аргасыздан арданып, ичиң дагы ачышат экен…

Ысмайыл Караев, коомдук ишмер, Өзгөн району:

– Өзгөн районуна караштуу мобул Бостон чөлкөмүндө 428 жер тилкеси бар. Булардын алтымышы Өзбекстандан орун которушкан Кыргыз кайрылмандарына гана таандык. Баса, жаңы конуш чек ара тилкесинде жайланышкан. Антсе дагы, мыйзамга ылайык баары бир трансформацияланган. Бирок, жер тилкелери негедир ээлерине эмдигиче өлчөнүп берилбей жатат. Анан жаңы конушта алгачкы шарттар – суу, электр энергиясы, жол, мончо өңдөнгөн жагдайлар дагы жаратыла элек. Премьер-министрлерге кайрылып жатып, албетте, чарчадык. Акыркы үмүтүбүз президентибиз Сооронбай Жээнбековдо гана калды. Сооронбай Шарипович өзү гана токтоосуз түрдө кийлигишпесе, бул маселе дагыле чечилчүдөй эмес! Чубактын кунундай чубала берчүдөй…

Өзбекстандан көчүп келишкен кайрылмандарга бөлүнчү чоң аянтты акыры барып көрдүк. Жер тилкелери өлчөнүп, ээлерине токтоосуз таратылса, анан ага жараша жетиштүү ссуда маселеси чечилсе, үйлөр тез арада эле бүтчүдөй. Мындан тышкары жаңы конушка жакын жерде заманбап курулган мектеп дагыле аңгырап бош турат. Демек, балдарды окутуу маселеси дагы баш оорутчудай эмес…

Автор: Алишер Токсонбаев

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: