Menu

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник: “Ооган согушуна катышкан 160 “ардагердин” мамлекетке келтирген зыяны 92 миллион сом болот”

Бөлүшүү:

(Башы өткөн санда)

—Абдыгул мырза, сиз Мирзаматов менен ушул маселе боюнча жеке сүйлөштүңуз беле?

—Сүйлөшкөм. Менин үйүмдү кантип таап келгенин билбейм, айтор бир жолу үйгө келиптир. Ал: ‘‘Абдыгул Абдырашитович, Абдылдаев Саламат сиздин курсташыңыз экен”- деп сөз баштап калды. Мен: “Эмне болуп кетти?”.- десем, ал: “Мен эми саясатта жүрөм, депутат болом. Ал киши мени текшерип жатыптыр. Элге жарыяланып кетпесин, айтып койсоңуз”- деди. Мен ага: “Эми ачык эле сүйлөшөлү, эч ким уккан жок, экөөбүз эле, чыныңды айтчы, Ооган согушунда болдуң беле?”- деп сурадым. Ал “болгон эмесмин” – деп айтып алды. Мен: “Рыспек, ты попал, мен да комиссиянын мүчөсүмүн”- дедим. Себеби, ал менин Ооган согушуна катышкандарды текшерип жаткан комиссияда мүчө экенимди билбейт экен да. Дароо өңү бузулуп кетти. Артын карабай эле, машинасына түшүп кетип калды. Ошондон бери комиссияга чакыртсак келбейт, кагаздарды башка адамдардан бердирип жатат. Эң кызыгы, дагы бир жаңы жагдайлар чыкты. Мирзаматовго “Ооган согушуна катышты” деген күбөлүктү 2006-2007-жылдары Коргоо министринин биринчи орун басары – (Куралдуу күчтөрдүн штабынын начальниги) болуп иштеген генерал Замир Молдошев жазып берген экен. Бул боюнча да иликтөө жүрүп, кылмыш иши козголуп жатканын угуп жатабыз. Мындай күбөлүктүн экинчисин Рыспек Мирзаматовдун Ошто аскер комиссары болуп турганда өзүнө “Ооган согушунун ардагери” деп күбөлүк жасап алганын айттык. Ошол экинчи күбөлүктөгү сүрөт Мирзаматовдуку делгени менен, чынында сүрөт ага окшошпойт, ал сүрөт Мирзаматовдун милицияда иштеген бир тууганына окшоп тургансыйт.

—Сиз мага көрсөткөн кагаздардын баары, фактылардын баары Аскер прокуратурасында бар да. Прокуратура ишти эмнеге мынча созуп жатат?

—Эмнеге мынча созуп жатканын так билбейбиз. Сурасак, “жооп келе элек, тигил, бул”- деп ишти созуп жатышат. Сизге Чек ара кызматынын Кадрлар боюнча башкармалыгынын башчысы Чалданбаевдин Мирзаматовго жазып берген кагазы жасалма экенин, чындыкка дал келбесин айттым. Ал боюнча да кылмыш козголушу керек. Азыр Мирзаматов тарабынан айтылган мындай сөздөрдү угуп калып жатабыз: “Мен бай адаммын, баарын сатып алам. Керек болсо, Чотбаевиңерди да сатып алам”- деп кээ бир балдарга айтыртыр. Мен сатылбаган адаммын!

—Сиздердин комиссия Ооганстандагы согушка катышты делген баардык ардагерлерди текшерет да. Азыр канча пайызы текшерилди?

—Кудай буйруса, баарын текшеребиз. Азыр канча пайызы текшерилгенин мен так билбейм. Ашып кетсе, 15-20 пайыз эле текшерилди го. Текшерилгенде да аймактар боюнча үстүртөн текшерилди да. Биз баштаганда ойлогонбуз 2-3 айда бүтөбүз деп. Көрсө абдан чоң иш экен. Эки жылдан бери четин эле араң ойдук. Демек, дагы бир топ убакыт керек. Азыр биздин бул ишибизге Казакстан, Россиянын Ооган согушу боюнча ардагерлердин уюмдарынын жетекчилери ыраазы болуп жатат. Себеби, аларда дагы жалган ооганчьшар толтура да. Жакында алар да бизге окшоп текшере башташат го. Биз аларга жыл сайын бир-эки жолу жолугуп турабыз да. Азыр алар бизди мисалга тартып, мындай ишти колго алып турушат. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандан ооган согушуна 7 миңден ашуун адам катышкан. Согуштун бүткөнүнө 30 жыл болуп жатат. Согушка катышкан адамдардын баары болбосо да, ар кандай жагдайда жаракат алып, майып болгондор бар. Ден-соолугуна зыяны тийгендер болот. Биз билгенден көпчүлүк ардагерлер кайтыш болуп кетти. Бирок баарынан кызыгы Кыргызстанда ооган согушуна катышты делген ардагерлердин саны 30 жыл өткөнүнө карабай, азайбай эле, тескерисинче көбөйүп жатканы болуп жатат. Кайсы жылы экени эсимде жок, бир жылдары Коргоо министрлигинин тизмесин Социалдык фонд текшерип чыкканда, калп айтпасам, ардагерлердин саны 10 миңден ашып кетиптир. Бул эми иштин туура эмес жүргөнү. Мунун баары эле Аскер комиссариаттары тарабынан туура эмес кылынган жумуштардан болуп калган да . Экинчиден, Социалдык фонддун кызматкерлери баарын тыкыр текшеришпейт. Мисалы, мени жыл сайын текшеришет. Баардык документтерди тыкыр текшеришет. Ошентип эле, баарын терең иликтеп турса, мындай төбө чачты тик тургузган кылмыштуу окуялар болбойт эле да.

—Комиссия 160 адамдын согушка катышпаганы тууралуу маалыматтарды таап чыкты. Алардын 2010-жылдан бери мамлекетке келтирген зыяны канча болду?

—Мисалга, мен ай сайын 6 миң сомдон алганда, бир жылда 72 миң сом болот. Эми 160 адамдын 8 жылкы пенсиясын көбөйтсөк, 92 миллион сом болот экен. Бул эмне деген акча? Уялышпайбы. Мындай акчаны жасалма ардагерлер кайсы бети менен алып жатышат, билбейм. Бул эми мамлекетке болгон чыккынчылык да. Эгер уруксат болсо, мен тапанча менен атып салмакмын.

160тан башка да чыгып жаткан адамдар бар. Азыр алар боюнча иликтөө бүтө элек. Бул акчаны ошол Ооган согушунда жакындарын жоготкондорго, нервдери бузулуп, майып болуп ооруп жаткандарга берсе бир топ жардам болот эле да. Мурун 6 миң сомдук пенсияны биз кол коюп, алып кетчүбүз. Ошондо мен бул акчаны барып алгандан уялып турар элем. Себеби, мамлекетке милдет кылып жаткандай сезимдер келет эле да. Пенсияны алган сайын ошол жерде акча берген кыздарга чай ичип коюшсун деп кичине конфет-печенье алып (аскердик термин менен айтканда) “боевая подарка” кылып турат элем. Азыр болсо пенсияны карточка менен алып калдык.

—Сиз эсептеген 92 миллион сом мамлекетке келип жаткан зыяндын чети эле болушу мүмкүн да. Дагы да согушка катышпагандар баарын текшерсеңер көп эле чыкчудай. Ушунун баарын Өкмөт, Башкы прокуратура терең түшүнүп турат да. Түшүнүп турса да, эмнеге мынча созуп жатат?

—Баары эле түшүнүп турушат. Бирок биздин комиссиянын ишине тоскоолдук кылып жаткандар да бар. Мисалы, аскер тармагында чоң кызматтарда иштеген адамдардын айрымдары бул ишке кызыкдар болушу мүмкүн. Анткени, колунан келип тургандар убагында Ооган согушуна катышты кылып күбөлүк жасап бериши ыктымал да. Эми алар кылтыңдап, болгон күч-аракетин сарптап, өзүнүн былыктары ачыкка чыкпасын деп жатышса керек. Дагы бир мисал айтайын, бир жигитти биз (атын айтпай эле коеюн) текшерип жатканда, ызы-чуу салып: “Мен согушка катышкам, менден эмне шек санап жатасыңар”- деп бапылдап кирди. Биз суроо берип, угуп жатабыз. Тиги жигит образга кирип, иши кылып эле окшоштуруп айтып жатат. Биз эми чын айтып жатабы, калп айтып жатабы, билебиз да. Мен угуп жатып, күлдүм. Анан аны токтотуп: “Чыныңды айтчы, Ооган согушуна катыштың беле. Уят деген болуш керек” деп суроо салсам, күлүп жиберип: “Байкелер, мен Ооган согушуна катышкан эмесмин. Көптөн бери Ооган ардагерлеринин арасында жүрүп, ролго кирип калыптырмын”- деп чынын айтты. Анан маркум Төрөбеков жазып берген күбөлүгүн айтты.

—Нурлан Төрөбеков маркум болуп кетти. Ал киши депутат болуп турганда согушка катышкан эмес деген кеп тарап, ызы-чуу болуп кетти эле. Бере турган суроо Төрөбеков тууралуу деле эмес. Азыр ЖК депутаттары Бокоев менен Рыспаев дагы Ооган согушунун ардагерлери экени маалым. Бирок силердин комиссия согушка катышпагандардын көп экенин ачыктап жатса, аларды да шек менен карагандар көп болот. Деги эки депутат чын эле Ооган согушунун ардагерлериби?

—Эми ал эки депутатты биз минтип баардык кагаздарын алып, тыкыр иликтеп, текшере элекпиз. Бирок биз бири-бирибизди билебиз да. Кенжебек Бокоевди алсак, ал согушка катышканы чын. Себеби, ал депутат катары бул комиссиянын ишине түрткү берип, колдоп келатат. Эгер катышпаса, “кой кокуй кереги жок”-деп качмак да. Кожобек Рыспаев менен союз тарап кеткенден кийин, Ош базарында иштеп жүргөн кезинде таанышкам. Ал да биз менен аралашып, коркпой жүрөт. Согуш тууралуу чындыкка келген окуяларды айтып калат. Демек, катышкан. Бирок анын документтерин тыкыр текшерген жокпуз. Байкашыбызча, эки депутаттын анчалык ынтымагы жок окшойт. Билбейм, эмнеге? Биз жыл сайын 15-февралда чогулабыз да. Эки депутат катышкан бир жылдардагы эскерүүдө Бокоевге сөз берилбесин дегендей кеп чыкты. Мен дайыма алып баруучу болом да. Мен андай сөздөрдүн баарын четке кагып, экөөнө тең сөз бердирип койгом. Ал тургай Кожобек Рыспаев “Бокоев согушка катышкан эмес” – деп бакылдаганын да укканбыз. Эми ким согушка катышканы, ким катышпаганы ушинтип эле ачыкталып калат. Мисалы, генерал Нурдин Чомоев убагында Коргоо министринин биринчи орун басары болуп турганда, өзүнө жалган күбөлүк жаздырып жатканда такыр билинбей калат деп ойлогон да. Мындай терс иштер акыры аягы ачыкка чыгат. Азыр арабызда жок, кайтыш болуп кетти. Корей улутундагы генерал “согушка катышкам” деп журналисттерге интервью берип келген. Биз аны мурун эле катышпаганын аныктап, калпын чыгарганбыз. Дагы бир чоң кызматта иштеген адамдын полковник тууганы азыр көзү өтүп кетти. Ал дагы “согушка катышкам”,- деп калп айтып келгенин ачыктаганбыз. Кыскасы, биз Ооган согушунун чыныгы ардагерлери арабызда мамлекетке зыян кылып жүргөн калпычылардын акырындык менен жүзүн ача беришибиз зарыл.

—Акыркы суроо болсун. Келерки жылы Ооган согушунун бүткөнүнө туура 30 жыл болот. Кандай белгиленет?

—Бул боюнча мага балдар кайрылып, “Президентке кат жазыңыз”,- деп суранышкан. Бирок Ооган согушунун ардагерлеринин арасынан минтип жалганчылар чыгып жатса, өкмөттөн 30 жылдыкты белгиленгенге каражат сурагандан тартынып турабыз. СССРдин курамына кирген мамлекеттердеги ооганчылар бийик деңгээлде белгилегени жатышканын бизге айтып жатышат. Бирок кандай болгон учурда да биз колдон келишинче 30 жылдыкты белгилеп, кайтыш болгон жоокерлерди эскеребиз. Куран окуйбуз. Ал эми мамлекет тараптан кандай иш-чаралар болот, аны бир эмес, эки депутатыбыз Жогорку Кеңеште олтурушат. Мына ошолор тиешелүү комиссия түзүп, тиешелүү иш-аракеттерди көрүшөт го деп ойлоп жатабыз. Бул маселе боюнча депутаттар менен да сүйлөшүп көрөбүз го.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак:Багыт.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: