Menu

Үйлөнүү оңой, бирок үй-бүлө куруу кыйын

Бөлүшүү:

Биз көбүнчө Орусиядагы, анан Казакстандагы эмгек мигранттары тууралуу гана кеп болот. Булар сырткары, мисалы, Түркия менен Кореяда кыргызстандык канча эмгек мигранты бар? Алардын чет өлкөдо иштешине кандай кам көрүлүудө? Бул маселе көмүскөдө калып кетет.Түркияда 14 500 кыргыз жараны эмгектенсе, Кыргызстанда 5300 түрк жараны иштейт. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт. «Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш», – деди Соцфонддун өкүлү.

Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш. Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: