Menu

Мамкаттоо кызматынын баркын кетирген Айнура Туйбаева

Бөлүшүү:

КРнын Мамлекеттик каттоо кызматындагы башаламандык, жемкорлук жөнүндө коомчулуктун коңгуроо кагып келе жаткандыгына бир топ убакыт болду. Бул кызматты жетектеген Алина Шаикованын иш жөндөмүн тек коёлу, анткени бул айымдын колунан пок да келбей тургандыгына иш жүзүндө буга чейин да күбө болгонбуз.

Биз бүгүн дал ошол Шаикованын орун басары Айнура Туйбаеванын чектен чыккан жоруктарына коомчулуктун, ириде президент Сооронбай Жээнбековдун көңүлүн буруп коюну чечтик. Биздин каарман мамкаттоо тармагында айдоочулук курамды жана транспорттук каражаттарды каттоо департаментин тейлеп келе жатат. Иш стили эмгек жамааттын кускусун келтирет, анткени ал ар дайым: “мен ажого жакын адаммын, ага сөз тийбеш үчүн эле Мамкаттоо кызматынын төрайымы болбой жүрөм, а так мне раз плюнуть, айтканымды аткарбасаңар катуу жазалайм”- деп кагынып-силкинип жүргөнү туурабы? Өзүн компетентүү органдар текшере турган болсо, ой, капкачан аны бул жакка жылдырган АШАнын жандай кадрларынын жанында, темир тордо олтурмак. Айдоочулук курамды жана транспорттук каражаттарды каттоо Департаментинде коррупцияны азайтуу максатында буга чейин автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилген. Албетте, ал абдан көп кыйынчылыктар, каталарга туш болуп, араң 2017-жылы иштей баштаган. Мунун баарына бюджеттен миллиондогон каражаттар кеткен да. Ошого карабастан Туйбаева туйлап жатып, бул системанын ордуна жаңысын киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алдырткан. Буга чейинки кеткен катачылыктар тууралуу кеп жок. Эптеп киргизиш керек. Аны жасаган “Инфоком” ишканасында да мандем бар. Буга чейин жасалып, иштей баштаган системаны эле оңдосо болот эле да. Жоок, “Инфоком” менен Туйбаеванын максаты бир – буга чейин бутка туруп калган нерсени уратып, жаңысын жасатуу менен акча жасаш керек. Бул коррупциялык схема эмеспи?

Редакцияга Мамкаттоо кызматынын кызматкерлеринин атынан купуя кайрылуу келген. Себеби, аттарын ачыкка чыгарсак, алар “Геббельс, Гитлер” деп ат коюп алган Туйбаева дароо жумуштан айдап чыгат экен. Туйбаеванын чектен чыккан көптөгөн жоруктарын, этикага туура келбегендиктен, жазган жокпуз. Бирок президенттик аппаратка сөзсүз тапшырабыз. Кулак какты кылганыбыз, президент Сооронбай Жээнбеков ар дайым атын саткан чиновниктер катуу жазаларын айтып келет. Туйбаева да сиздин атыңызды булгап жатат урматтуу президент! Ал тез арада кетиши керек!

Булак: Майдан-пресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: