Menu

Өзбекстанда 1-июлдан тарта МАИ кызматкерлерине жолдордо жашырынып, көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 1-июлунан тарта айдоочулар мобилдүү видеокамералары жок жол кайгуул кызматкерлерине документтерин көрсөтпөөгө укук алат. Бул тууралуу Өзбекстан Юстиция министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Өзбекстан ИИМинин жол кайгуул кызматкерлерине жашырынып алып унааларга көзөмөл жүргүзүүгө, токтотууга тыюу салынат. Документке ылайык, жол сакчылары транспорттук каражаттарды, аудио жана видеофиксация сыяктуу жабдууларды колдонуу менен ачык-айкын иш алып барышы керек. 1-июлдан тарта кызматкерлер милдеттүү түрдө мобилдүү видеокамераларды алып жүрүүгө тийиш.

Жол кагуул кызматкерлерине өздөрүнө тиешелүү тилкелерден тышкаркы жерде айдоочуларды токтотууга жана административдик мыйзам бузуу боюнча протокол толтурууга тыюу салынат. Мындай протоколдордун юридикалык күчү болбойт.

Айдоочу жол кайгуул кызматкери токтоткон маалда анын документтери менен таанышып чыгууга укуктуу.                                                                             

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: