Menu

Президентке ачык кат – ИИМдеги ириген саясат жана бүксүгөн реформа

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жыл ичинде ИИМде болуп өткөн окуялар караламан калктын көңүл борборунда болуп, биринин кыжырын келтирсе, биринин күлкүсүн келтирип, айтоор, элди эриктирген жок. Эзели, милициянын эле эмес, өлкөбүздүн тарыхында катталбаган тирукмуштуу кылмыш окуясы бул ирет милициянын имаратында жүз берди. Бир короо милицияны каратып туруп, кылмышкер чырактай кызды чыркыратып милициянын иш бөлмөсүнөн бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнү, полковник наамындагы жетекчисин өз кабинетинде кол алдындагы капитан наамындагы кызматкери кызылдай тепкиге алып, терисин тескери сыйырганы, милициянын тартибин көзөмөлгө алып, аларды мыйзамдуулукка чакырат же тарбиялайт деген ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматынын бакандай башчысынын үстүнөн кылмыш ишинин козголушу, артынан ээрчиген ар кандай кептердин тепсендисинде калып, кызматынан айдалган генерал наамындагы министрдин орун басарынын жоругу, ичкен тамагына акы төлөбөй амалданам деп, абийири айрандай төгүлгөн жол көзөмөлдөө кызматкеринин арамза аракети, пенсиядагы кемпирди көтөрүп чаап тепкилеген бакандай полковник наамындагы жетекчинин жин дарыгандай жоругу, кылмышкерди эмес, жай жарандарды аткылап ойногон милициялардын жоруктары, айтор, мындан башка да коомдогу эң ыплас иштердин баш каармандары коомдун күзгүсү боло турган милиция кызматкерлери экендиги жалпы кыргызстандыктарды эле эмес, дүйнө коомчулугун жандан түңүлтүп, жакасын карматты. Ушунун бардыгы милицияда реформа катуу жүрүп, алгачкы ийгиликтер жарала баштады деп өздөрү жар салып турган мезгилде жүз бергени баарынан кызык болду.

Ички иштер министрлигин реформалоо өлкөбүз эгемендик алган күндөн башталып, бирок, “Коркоктун чокмору койнунда чирийт” болуп, бүгүнкү күнгө чейин “Чубактын кунундай чубалып” келе жатат. Ал аз келгенсип, улам аксап, мөңкүп, бир нерсе жасалымыш болуп келип эле, ай өтпөй кайра баягы таз кейпин кийип, баш-аягы табылбай, башкалардын да ындынын өчүрүп, айтор, милициядагы тоңгон музду козгоого бул аралыкта эч кимдин алы да, акылы да жетпеди. Мамлекетибиз эгемендикке ээ болгондон берки 27 жылдын аралыгында өлкөнүн ички иштер министрлигин 28 министр башкарганынын өзү эле мындагы чиеленген маселенин канчалык тамырлашып кеткенинен кабар берет. “Милициянын ишин оңдоо ушунун колунан келет”- деп улам бир министрди дайындаган менен милициянын иши оңолмок турсун кайра артына кетип, ишеним тагылган министрлер реформа кылууга акылдары жетпедиби же өздөрү каалашпадыбы, же ошол тармакты көзөмөлдөгөн “лөктөр” тоскоолдук кылыштыбы, айтор, жыл айланбай эле креслолорунан жылмышып, улам кийинкисине жол бошоткондон башка элдин эсинде калаарлык иш кыла алышпады.

Экс-президент А.Атамбаев ажолуктан кетээрине бир жыл калганда, тагыраагы 2016-жылы ишенген жакын адамы, мурдагы жан сакчысын министр кылып, “Ички иштер органдарындагы реформаны өзүм жасайм”,- деп шымалана киришип, бул боюнча Указын жарыялап, кандай жыйында сөз сүйлөбөсүн ички иштер органдарында реформаны баштаганын, эми милицияны түп тамырынан бери өзгөртүп туруп,
эл күткөн реформаны 2016-жылдын декабрь айынан баштап ишке киргизүүнү коомчулукка убада кыла берип элдин кулагын бышырган. Президент күч түзүмдөрүн реформалоону убада кылып, Указын жарыялагандан кийин Ички иштер министрлигинин ичи дүрбөп, үч айга жетпеген аралыкта “жоо куугандай” болуп пенсияга кеткендердин саны эки-үч миңден ашып кетти. Ушуну менен “Президенттин реформасы ишке ашты” болуп, министрлик бир үшкүрүп алып баягы таз кейпине кайра келди. Анан президент жасай албаган реформаны убактылуу” келген министрлер жасай алмак беле.

Акыры, мурдагы президент А.Атамбаев өзү да ИИОну реформалоого алы келбесине көзү жеттиби, айтор, 2017-жылы “лам” деп ооз ача албай, оозун күйгүзгөн немедей алакан жайып отуруп берди. Ал эми ишенип министр койгон адамынын бир жарым жылдан бери эмне иш жасаганын өзүнөн башка эч ким айтып бере албастыгы чындык. Бул орунга дайындалып жатып, парламентте Текебаевден тепки жеп келгенден кийин өзүнө келе албаган бойдон “накаут” абалда жүрүп кете берди.

Ушунча жылдан бери баш аягы жок мындай реформалардын ишке ашпай жатканынын себебин иликтеп, өзөгүн табууга эч кимдин мойну жар берген жок. Ооз менен орок оруп, олчойтуп кагаз жазганы менен милициянын бир да министри чыныгы реформаны жүргүзүүгө акылы да, шайы да жетпеди. Эмне үчүн дегенде реформа жаңылануунун, тазалануунун, так, ак иштөөнүн башаты эмеспи. Ал эми ар бир кыймыл аракети акча менен тыгыз байланышкан бул ведомстводо жаңылануунун өзү министрлер, андагы жогорку кызматтарда отургандар үчүн “желмогуз келгендей” эле көрүнүш. Жедеп ичинен ирип, пара алмайын “чөптүн башын сындыргысы” келбей калган жагдай бул ведомстводо тамырлаганына кыйла убакыт болгонун коомчулук какшап айтып келет. Кылмышкерлерден жабыркап, жалдырап жардам сураган жабырлануучуларды мындай кой, өздөрүнүн кызматкерлеринин канын сыгып, акыркы акчасын алмайын аларды иштен жогорулатуу, мыйзамдуу чиндерин (атайын наамдарын) берүүдө да бир нерсе үмүт этүү, кылдай күнөөсү үчүн кызылдай акча талап кылуу сыяктуу көрүнүштөр адатка айланганы милиция кызматкерлери үчүн кадыресе эле көрүнүш болуп калганын өздөрү деле ачык айтып келишет. Анан реформаны кылаарын кылып алып, жогорудагыдай майталкандан айрылууну кайсыл эле министр кааласын. Себеби, ал бул кызматка кыска эле убакытка келгенин жакшы билет. Анан реформа деп баш оорутпай, калыптанган схема менен тынбай агып келип турган мыйзамсыз акчаларды капчыгына салып, кайсыл учур болбосун кызматынан кайгырбай кете берүүгө даяр турууга аларды турмуш өзү көндүрүп жатат. Ошондуктан президент эмес Кудай өзү келип реформа жасайм десе да, ИИМдеги жоон топ жетекчилер ага өлөөр-өлгөнчө караманча каршы болоору турган иш.

Эгер, милициянын жасаган иштери боюнча официалдуу маалыматтарга таяна турган болсок, жыл сайын кылмыштын саны өскөнү менен, анын ачылышынын саны азайып баратканын, козголгон кылмыш иштеринин сапатсыз тергелгендигин, милициянын үстүнөн арыздангандардын саны жыл сайын өсүп, баарынан да өздөрү оор кылмыш жасап үстүнөн кылмыш иши козголгон милициялардын саны жылдан жылга өсүп баратканын өз кезегинде мурдагы премьер-министр, азыркы өлкө башчысы С.Жээнбеков да сынга алып, каарып өткөнү жалпыга маалым. Мындай сындар буга чейин деле өлкө жетекчилери тарабынан айтылып эле келе жаткан. Бирок, эч бир майнап чыкпай, ишти оңдоого бир кадам да ташталбаганына азыр эч ким деле таң калбай калды.

Балык башынан сасыгандай эле, бүгүнкү күнүнө, эртеңки келечегине ишенбөө учурда жалпы милицияга жармашкан “чума” сыяктуу көрүнүшкө айланды. Бергенге акчасы, колдогон “кожосу” жок карапайым милиция кызматкерлери эртеңки карьералык өсүшүнөн үмүт кылбай калышты. Арасындагы айрым шылуундары гана пайда табуу үчүн кылмышкерлер менен табакташ болуп, кызматтык тартипти бузууну мындай кой, коркунучтуу кылмыштарды жасоодон да кайра тартпай калышканына мисалдар толтура. Себеби, алар эртеңки келечегине ишенбейт. Себеби, алардын аткарып жаткан ак кызматын баалоо, ошого жараша кызматынан көтөрмөлөө деген түшүнүк бул системада кан буугандай токтогон. Акчалуулар гана каалаган кызматына, каалаган жерине барып иштеп жатканын көргөн карапайым милициялар кандай жол менен болбосун акча топтоонун аракетин көрүп калышканы милиция кызматкерлери үчүн кадыресе көрүнүшкө айланды. Ошондуктан ички иштер министрлигиндеги, кадр саясатын түп тамырынан бери өзгөртпөсө, милициянын ишинин оңолушу, реформа деген куру кыял экенин түшүнө турган мезгил эчак келген. Бирок, аны түшүнгүсү келген министр чыга элек.

Элдин ишениминен эчак кеткен бүгүнкү милициянын кылык-жоругу караламан калктын чыдамын кетирип, эми ачыктан-ачык милицияга кол көтөрүүгө, аларды өздөрү жазалоого түртө баштады. Сабалып, ур-токмокко алынган милиция кызматкерлери акыркы эки-үч жылдан бери көп кезиге баштаса да, министрлик бул боюнча интернет сайттарга өздөрүн жактаган билдирүүлөрдү бергенден башка бир да орчундуу иш жасай алган жок. Качан кыймылдашат же коомчулук жапа тырмак милиция кызматкерлерин четинен ур-тепкиге алып киргендеби? (!) Баарынан да, кордук көрүп, токмоктолгон милиция кызматкерлери ишти сотко жеткирбей өздөрү бүткөрүп, өздөрүн ур-тепкиге алгандардан акча алып, анан ишти жаап салган учурлары күйдүрөт. Бирок, аларды да түшүнсө болот, себеби, жогоруда белгилегендей, кандай жагдайда болбосун акча табуу азыркы милициянын негизги принциби болуп калбадыбы.

“Ишти оңдогула”, “реформа жасагыла” десе эле “акчабыз жок”, “айлыгыбыз аз” деп ыйлактаганды адатка айланткан милициянын жетекчилери эки жагын карап, коомго милициядан да пайдалуу иштерди жасап жаткан башка тармактын кызматкерлеринин айлык маяналарына кызыгып көрүштү бекен. Айталы, 6-7 миң сом алган билим берүү тармагынын, 5-6 миң сом алган медиктердин, 3-5 миң сомдун тегерегинде айлык алган социалдык кызматкерлердин, ж.б тармактагыларга караганда милицияга жаңы кирген кызматкердин маянасы 12 000 сом экени айтылып жүрөт. Органда 20 жылдан ашык иштегендердики 25000-35000 миңдин тегерегинде экендиги жалганбы? Анан бул аргумент көтөрүлсө эле “биздин ишибиз опурталдуу, кылдын эле учунда жүрөбүз” деп, милициялардын баары эле жандарын оозуна тиштеп кылмышкердин артынан кубалап, кылмыштын бетин ачып жаткандай түр көрсөтүшөт. Эгер чындап эле ошондой иштешсе, өлкөдө катталган кылмыштардын жарымы ачылбай калбайт эле, кылмыш иштеринин жарымы соттон же прокуратурадан чала тергелгендигине байланыштуу артка кайтарылбайт эле. Кылмышкерлер шаарларда, айылдарда ээн-эркин өз билгенин жасап жүрбөйт эле го.

Анан эле “Эгер ар кандай башаламандык болсо баарыбыз башыбызды өлүмгө тозуп, элдин бейпилдигин коргойбуз”- дешет. Көрдүк го коргогонун 2005-2010-жылдардагы башаламандыкта. Каска, калкан, таягын айтпай эле коёлу, табелдик куралдарын таштай качышты го. Эми 8 жылдан бери ошол таштай качкан куралдарын издеп, чогулта албай жүрүшөт. Өзгөнү эмес өзүн коргой албаган, кылмыш ачмак турсун кылмышкердин өңүн көрбөгөн шагыраган погончондорду кармап отуруунун кандай зарылчылыгы бар деген суроо аргасыздан пайда болот.

Күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча жогоруда айтылган экс-президенттин Жарлыгында жана Коргоо кеңешинин чечиминде милиция кызматкерлеринин оперативдүү кызматкерлери менен коомдук тартипти сактоо кызматкерлеринен башкасын эркин жалданма кызматка өткөрүү маселеси эң туура көтөрүлгөн. Бул өз кезегинде мамлекеттин бюджетин үнөмдөө болсо, экинчиден милициянын ичиндеги өз ара интриганы, коррупциялык агымдарды аз болсо да токтотууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби, ушул тапта министрликте офицердик орундардын бардыгы акчага сатылып, кызматкерлер арасында атаандашуу, интрига чегинен ашты. Бири-бирине “көр казмай” адатка айланып баратат. Башкармалыктын, бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана орун басарларынын орундарын айпаганда да кызмат орундар кызылдай эле соодалашуу менен тааныш билиш же жогору жактан “куда түшкөндөрдүн” коштоосунда берген “калыңынын” суммасына жараша чечилүүдө. Министрликтин жетекчилиги, кадр кызматы мындай шартта өздөрүнүн алсыздыгын гана көрсөтүшүп, өз ойлорун ачык айталышпай, “Сасык үпүптөй” баштарын ийкегенден башкага жарабагандары жаныңды күйгүзөт.

Экс-президенттин демилгеси менен көтөрүлгөн күч түзүмдөрүн реформалоо милицияда алты кызматтын атын өзгөртүү менен гана чектелип, башталбай туруп эле “ишке ашырылды” деген ураан менен токтоп, чыныгы реформанын деми кайтты. Бирок, мындай кадам ИИМдеги “алкымы чоңдордун” чырагына май тамызып, “кызматтар кайра түзүлүп жатат” деген шылтоо менен кызмат орундарды каалагандай соодалашканы тууралуу жакында иштен кетирилген министрдин орун басары Д.Абдыкаровдун мурдагы министр У.Исраиловдун учурунда ИИМди өзү билгендей бийлеп, айланасындагы бир ууч адамдары менен ИИМде чалмакей-чалганы тууралуу басма сөздөрдө, интернет булактарында фактылар менен байма-бай айтылып келет. Бул ишпалдасы чыккан ИИМди оңдоого Президенттин да алы келбегендигинин далили. Ушул себептен, жаңы шайланган президентке кайрылат элем:

Урматтуу Сооронбай Жээнбекович!

Сиздин алгачкы өткөргөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көтөргөн маселеңиз жалпы коомчулук тарабынан кызуу колдоого алынып, бул багыттагы элдин өчүп бараткан үмүтүн кайра тутандыргандай болду. Бирок, жеп-ичкендерди камоо менен коррупцияны токтотуу мүмкүн эмес экендигин турмуш көрсөтүүдө. Эң биринчи өлкөдө тартип маселесин бекемделмейинче коррупция менен күрөшүү натыйжасыз. Ошол себептен алгач укук коргоо жана сот системасы талаптагыдай реформаланмайынча ийгиликке жетем дегениңиз утопия.

Өзүңүз айтмакчы, бардык тармакта реформа болуп, бир гана милицияда 27 жылдан бери реформа ишке ашкан жок. Анын себебин айттык, реформага министрликтин жетекчилери, анын айланасындагылар каршы болуп келген жана боло беришет. Ал эми милициянын карапайым кызматкерлери бүгүнкү күнү реформага муктаж. Андыктан Сиз, ИИОну реформалоо боюнча жарыялаган 2016-жылдагы “өлүү” Жарлыкка жан киргизип, анын аткарылышын көзөмөлгө алсаңыз бул Сиздин президенттик мөөнөтүңүздүн башталышындагы элиңиз үчүн жасаган эң жогорку сооп ишиңиз болмок. Аны толук аягына чыгарууга сизде убакыт да, эрк да жетиштүү деген үмүт бар. Себеби, милицияны реформалоого эң башкысы эрк гана керек болуп турганын өзүңүз да эң жакшы түшүнүп турсаңыз керек!

Автор: Автандил Белеков

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: