Menu

Президент тазаланууну генералдардан баштады

Бөлүшүү:

Сыягы, жазга чейин бир нече жогорку кызматтагы мамлекеттик чиновниктер “Чык эшикке!” болору тууралуу имиштер чын окшойт. Анткени ушул жумада күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин бир катар орун басарлары кызматтан бошотулду.

Президент кол койгон буйрукка ылайык, Кубанычбек Орозматов Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан, Нурбек Дүйшөналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан алынды. Мындан мурда да Коргоо комитетинин эки жетекчиси каржылык мыйзам бузуулар менен кызматынан бошотулуп, иши сотко ашырылгандыгы айтылган. 2014-жылы Кубанычбек Орозматовдун аты Бишкектин Жал кичи районунда аскерлерге мыйзамсыз батир бөлүштүрүү ишинде аталганы тууралуу маалыматтар жазылып чыккан. Ага каршы Аскер прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “шалаакылык” беренелери менен козголгон кылмыш иши мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотулган. Андан тышкары, өткөн айда Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшембиевдин аты №36806 аскер бөлүгүндө орун алган башаламандыктарда аталган болчу.

Анткен менен, мындай кадрдык жүрүштөрдү президент күч министрликтеринин ишине нааразы болуп жаткандыгы катары бааласак болот. Себеби акыркы кезде армияга байланыштуу чуулгандуу окуялар, Башкы штабдын дарегине айтылган дооматтар көбөйүүдө. Бул тууралуу С.Жээнбеков өткөн айда Башкы штабдын башчысы Р.Дүйшөнбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Э.Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөргөндө белгилеген болчу. Анда соңку кездери офицерлер  уставдан тыш иштерди жасап, аскердик кылмыштардын көбөйгөнүн, мыйзам бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугун сынга алып, күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырган.

Булак: Майдан-пресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: