Menu

Аида Акматова, цирк артисти: “Циркти жетектегенге тажрыйбам да, билимим да жетет. Ишеничти актаганга аракет кылам”

Бөлүшүү:

— Аида айым! Сиздин ысымыңызды кыргыз коомчулугу жакшы эле билет. Бирок ошентсе дагы окурмандарга өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

—Мен өзүм цирк артисти болом. Искусство жаатында университетти бүткөм. Эки жогорку билимим бар. Бири-юридикалык, экинчиси-көркөм өнөр боюнча. Тактап айтканда, мурдагы Искусство институтун да аяктагам. Циркти өзүм төрөлгөндөн бери эле билем. Сахнага биринчи жолу 6 жашымда чыккам. Кичине кезимден бери эле ушул циркте машыгып цирк өнөрү менен алектенип жүрөм. Ата-энем цирк артисттери болгондуктан мен дагы алардын жолун улантып жатам.

—Сиз эми цирк өнөрүн көрсөтүп Европа мамлекеттеринен тышкары дүйнөнүн дагы башка чет мамлекеттеринде да Кыргызстандын атын таанытып жүрөсүз да. Буга чейин канча мамлекетти кыдырдыңыз?

—Гастролго кичине кезимден баштап эле барып көптөгөн чет мамлекеттерде болдум. Цирк өнөрү жагынан бир топ Эл аралык фестивалдарга катыштык. Фестивалдардан алган көптөгөн наамдарыбыз бар. Буга чейин 30дан ашык мамлекетти кыдырдык. Европада биз 10 жылдан ашык иштеп калдык. Келишим түзүп азыркы кезге чейин көптөгөн цирктер менен иштешип жатабыз.

—Акыркы 14 жылдан бери Кыргыз циркин Курмангазы Исанаев башкарып келатат. Бул кишинин циркти башкарганына нааразычылык көп болгондуктан журналисттер дагы анын тескери жактарын көп айтып, жазып келдик. Жакындан бери цирктин кызматкерлери кол топтоп: “70ке келип калды. 14 жылдан бери эч нерсе кылган жок. Жаштарга ордун бошотуп берсин!”деп анын ордуна сизди ылайык көрүп жатышыптыр. Бул боюнча өзүңүз эмне демекчисиз?

—Биз цирк артисттери бул жерде чын дилибизден иштейбиз. Ошондуктан бизден башка циркти көтөрө турган эч ким жок болгондуктан өзүбүз өнүктүрүшүбүз керек. Курмангазы Жусупгазиевич келгенине 14 жыл болуп калды. Бул аралыкта циркти өнүктүрүп жакшы абалга алып келсе болот эле. Бирок андай абалга алып келген жок. Мына өзүңөр көрүп турасыңар ремонт жок болгондуктан цирктин ичи муздак, караңгы, баары эскирген. Мындай шартта жаңы номерлерди чыгарыш абдан кыйын. Бизде көптөгөн таланттуу жаштар бар. Эл аралык фестивалдарга даярдап жөнөтүш үчүн аларга жакшылап шарт түзүп бериш керек. Аларга жардам керек. Азырынча шарт да, жардам да жок болуп жатат. Цирк аларды жакшы колдобой жатат. Мисалы, чет өлкөгө чыгыш үчүн цирк эч кандай контракттарды түзбөйт. Артисттер өздөрү контракттарды түзүп чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

—Артисттер сизди колдоп ишеним көрсөтүп жатышпайбы. Өкмөт, Маданият министрлиги эгер сизди колдосо өзүңүз макулсузбу?

—Мен макулмун. Анткени көптөгөн цирктерде иштедим. Менеджер жагынан да контракт боюнча иштедим. Ошон үчүн артисттер мени колдоп жатат деп ойлойм. Циркти жетектегенге тажрыйбам да, билимим да жетет. Ишеничти актаганга аракет кылам.

—Кудай буйруп эгерде Өкмөт, министрлик колдоп циркке директор болуп калсаңыз алгач ишти эмнеден баштайт элеңиз?

—Биринчиден, эмгек жамаатынын ортосундагы ынтымакты чыңдоо мен үчүн эң негизги маселе болуп эсептелинет. Анткени, циркке Курмангазы Жусупгазиевич жетекчи болуп келгенден бери эмгек жамааты эки-үч топко бөлүнүп кеткен. Алардын баарын бириктиргенге аракет кылмакмын. Андан тышкары каржы боюнча документтерди калыбына келтирмекмин. Акыры баарыбыз ынтымактуу иштесек циркти көтөрөрүбүзгө ишенем.

—Циркке мамлекеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча да кабарыңыз бар да. Ошол акчалар туура пайдаланылып жатабы?

—Акыркы эки-үч жылдан бери циркте 60 ирет текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Демек, тартип бузуулар болгон үчүн цирктин иши текшерилип жатат деп ойлойм.

—Эми жашырбай эле ачык айтсаңыз. Директордун коррупциялык иштери боюнча сизде маалымат бар да?

—Текшерүү иштери болгондо көп эле мыйзам бузуулар табылат. Бирок, акырында жыйынтыгы башкача болуп калат. Ошондуктан бул кишинин жакшы колдогон кишилери бар деп ойлойм. Андай кишилер дагы документти жөн тууралап бербесе керек.

—Кыргыз циркинин деңгээли мурунку союздук союздук республикаларга салыштырмалуу бүгүнкү күндө кандай?

—Азыркы деңгээли өтө эле түшүп кеткен. Бизде тажрыйбалуу артисттер, жакшы номерлер көп. Бирок аны колдой турган жетекчилик жок…

—Циркте иштеш үчүн ылайыктуу шарттардын жоктугу боюнча артисттер да айтып жатпайбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Бул ачуу чындык. Циркте капиталдык ремонт боло элек. Капиталдык ремонтко бөлүнгөн ондогон миллион акчалардын баары эле косметикалык ремонтко кетти болуш керек. Сыртын жасалгалаган боюнча эле калып жатат. Кыш мезгилинде цирктин ичи өтө эле суук. Биз машыккан учурда 4-5 кофта кийип алганга туура келет.

—Сиздин атыңыз атала баштагандан бери директоруңар тараптан сизге кысым болгон жокпу?

—Өзү мага байланышкан жок. Бирок, артисттерди бирден чакырып алып сүйлөшүп жатат. Менин оюмча артисттерди бир сыйра коркутуп коёюн деп жатса керек.

Маектешкен: Нуркемел Исаев

Булак: Багыт.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: