Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары “Интерпол” аркылуу издөө жарыялаган КР Мамлекеттик бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусов Азербайжандын борбор шаары Бакуда кармалды. Бул тууралуу Report сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, КР кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, изделип жаткан Адамкул Жунусов Бакудагы эл аралык Гейдар Алиев атындагы аэропортто кармалды.
Эскерте кетсек, А. Жунусовго үстүбүздөгү жылдын август айында издөө салынган. Ал 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматында төрага болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ