Индиянын чыгышында адамдын 50 чакты скелетинин калдыктары менен поездге түшүүгө аракет кылган 25 жаштагы адам кармалды.
Өлкөнүн медиасындагы кабарларга ылайык, окуя Бихар провинциясынын Чарпа шаарындагы поезд станциясында жүктөрдү текшерүү учурунда катталган.
Полицияга сурак берген шектүү сөөктөрдүн калдыктарын Кытайга алып бара жатканын айткан. Бул адамдын сөөктөрдү сатуу менен шугулданган кылмыштуу топтор менен байланышы болгондугу, же болбогондугу иликтенүүдө.
Индияда скелет саткан мафия топтору сөөктөрдү жең ичинен дарыгерлерге жана медициналык окуу жайларга саткан учурлар көп.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ