“UFC” уюмунун аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпиондугуна талапкер, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко дүйнөнүн беш жолку чемпиону, польшалык Йоанной Эджейчик менен боло турган беттеши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу “Mmaboxing” сайты жазып чыкты.
“Беттешке мыкты деңгээлде даярдандым. Мен тарыхты өзгөртүүгө даярмын. Ушул дем алыш күндөрү дүйнө жаңы чемпионун тааныйт”, – деди В. Шевченко.
Эскерте кетсек, 8-декабрда Валентина Шевченко менен Йоанной Эджейчик Канаданын Торонто шаарында беттешет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ