Menu

Жардыргычтарды саттырбай коюуга болобу?

Бөлүшүү:

Маселен, демократия дегенди оозанбай койдурууга айрым маселе боюнча бийликтин күчү жетет дегенге негиз бар. Мына жаңы жылдын жыты буркурап жыттана баштады. Ошол өтөлгөлүү майрамды ар бир жаран каалагандай майрамдоого акысы бар. Бирок, зыяндуу өнөкөттөрдөн кутулууга эмне үчүн акыбыз жок? Эгерде кытайдан келген тарсылдактарды (жардыргычтарды) базарларда саттырбай койсок кулагыбыздан айрылып калмак белек? Биринчиден, акчаны чыгаша кылбай пайдалуу нерселерди сатып алууга шарт түзүлөт. Экинчиден бала-чаканын ден-соолугуна кесепети тийбей калмак. Себеби, көп учурда жарылгыч заттардын айынан колдору күйүп, майып болгон фактылар болгону ырас.

Ошондуктан эмитен эле өкмөт тараптан жардыргачтарды кытайдан алып келүүгө тыюу салыш керек. Сакалыңды алдыр дегенге караганда зыяндуу нерселерди сатпа деп айтуу оңой болоттур деген ойдобуз. Андай аваны булгаган, кесепети бар нерселерди саттырбай койсок элге майнаптуу болмок. Митинг кылгандарды кармагыла, керек болсо колун кайрыгыла деп күч түзүмдүрүнө тапшырма бергендин ордуна жардыргычтардан базарларды тазалагыла деген кебин өкмөттөгүлөр айтса миң мертебе пайдалуу болорун эскерте кетели. Бул сунушка бирөө да каршы болбойт. Демек, мамлекетке да, элге да зарыл болгон сунушту өкмөт башчы кулактын сыртынан кетирбей угуп койсо жакшы болмок.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: