4-декабрда “Манас” эпосунун күнүнө карата Жогорку Кеңеште «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга ЖКнын төрагасы, депутаттары жана жалпы манасчылар менен окумуштуулар катышты.
Илимий иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” дастанына байланыштуу бир катар илимий баяндамалар угулду. Мындан тышкары, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев өңдүү манасчыларга Жогорку Кеӊештин сыйлыктары тапшырылып, белектери тартууланды.
Жыйынтыгында «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» темасындагы илимий-практикалык конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдар менен илимий мекемелерге “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын жакшыртуу жаатында сунуштамалар берилди.
Айта кетсек, бул иш-чара «Манас» эпосунун руханий мааниси менен келечегине, залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык, Жусуп Мамайдын 100 жылдык, Шаабай Азизовдун 90 жылдык маарекелерине арналды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ