Menu

Транспорт жана жолдор министринин орун басары $50.000 пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-декабрда УКМКнын антикоррупциялык кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары Ж. А. 50 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн акча “Кошулган жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан аймагы” (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары) долбоору боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөө максатында алынып жаткан. Кармалган чиновник аталган тендерге төрагалык кылып, чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн.

Айта кетсек, компания менен сүйлөшүлгөн паранын жалпы суммасы 520 миң доллар болгон. Анын 120 миң доллары Ж.А.га  тууган-туушкандарынын ортомчулугу аркылуу берилген. Каражаттын калган бөлүгүн кийинки жумаларда алмак.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

КР Транспорт министринин сайтында Ж.А. инициалы менен министрдин орун басары болуп Жусубалиев Азимкан иштери көрсөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: