Menu

ИИМдин Ардагерлер Кеңеши: “Адахан Мадумаровдон милиция кызматкерлерин жөнү жок каралоонуу токтотууну өтүнөбүз”

Бөлүшүү:

Биз ИИМдин Ардагерлер Кеңеши коомдук ишмер, далай жыл мамлекеттик системада кызмат кылган Адахан Мадумаровдун кайрылуусу боюнча өз пикирибизди билдирип коюну туура таап олтурабыз.
Биринчиден, баса белгилеп айта кетүүчү нерсе Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын жергиликтүү тургундары тараптан милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкандыгы боюнча ИИМ бир нече жолу так расмий билдирүү жасады.
Бирок ошого карабастан Терек Сайдагы окуяларга милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатышкандыгы акылга сыйбаган көрүнүш катары бааланууга тийиш. Анткени, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоодо, жана өзгөчө маанилүү обьектилерди жана жайларды күзөткө алууда өздөрүнө тапшырылган иштерди аткарууда кызматтык милдеттерин так аткаруу учурунда аларга карата жоон топ жергиликтүү жарандар тарабынан күч колдонулду. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө кол салуу менен алар мыйзамдуулукту сактоону четке кагуу менен кылмышка барышты. Муну, социалдык түйүндөрдө жана интернет булактарында тараган видео тасмадан ачык айкын жана таасын көрүүгө болот.
Бирок мына ушулардын бардыгын билип, көрүп туруп, балким ага жеткен маалыматтарды тактабай туруп коомго жарыя кылган коомдук ишмер, Адахан Мадумаров инибизге биз да өз сөзүбүздү айтууга туура келди. Анын “күч колдонуу”, “400 атайын даярдыктагы аскерлер”, “кармалгандарды токтоосуз түрдө бошотууну талап кыламын” деген коомдук пикири бир жактуу деп эсептейбиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бардыгыбыз сыйлоого тийишпиз. Ошол себептүү милиция кызматкерлерин жөнү жок каралоонуу токтотууну өтүнөбүз жана бардык маселе мыйзам чегинде чечилишин талап кылабыз. Милиция кызматкерлеринин өмүрүнө кол салгандар мыйзам чегинде өз жазаларын алууга тийиш.
Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте милиция кызматкерлери да калк арасында бардык маселе мыйзам чегинде гана болушу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал эми аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тергөө кызматы тарабынан аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Ардагерлер Кеңеши

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: