Бүгүн, 6-декабрда каржы министри Адылбек Касымалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков А. Касымалиевдин отставкасын кабыл алып, аны кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Эскерте кетсек, А. Касымалиев 1960-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград финансы-экономикалык институтун экономист адистиги боюнча аяктап, 2012-2015-жылдары экономика министринин орун басары болгон. Ал эми 2015-жылдан тарта каржы министри болуп иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ