Menu

Фото – Кытайда социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган фотограф жоголду

Бөлүшүү:

Кытайда белгилүү фотограф Лу Гуан Синьцзян провинциясына барып, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу 4-декабрда “Bored Panda” сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, фотографтын дайынсыз жоголгонун анын аялы Сюй Сяоли кабарлаган. 23-октябрда ал Синьцзян провинциясынын борбору Урумчи шаарына сүрөт көргөзмөсүнө чакырылган. 5-ноябрда Кытайдын түштүк тарабындагы Сычуань шаарына учуп кетмек. Ошол учурдан тарта ал менен болгон байланыш үзүлгөн. Кийинчерээк аны Кытайдын коопсуздукту сактоо органдарынын кызматкерлери кармашканы белгилүү болгон.

Анын жубайы Сюй Сяоли азырынча жолдошун эмне себептен камакка алышкандыгын билбейт. Бирок, божомолунда фотограф дүйнөгө Кытайдын экологияга келтирип жаткан зыяндарын ачык-айкын көрсөткөнү үчүн кармалышы мүмкүн.

“Ал 20 күндөй байланышка чыккан жок. Мага анын кармалгандыгы тууралуу эч кандай кабар келбеди. Мен Синьцзяндын полиция кызматкерлерине бир нече жолу кайрылып, толук маалымат ала албай койдум. Мага болгону күйөөмдүн тирүү кайтып келишин тиленүүдөн башка эч нерсе калбай калды”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Лу Гуан фотожурналисттердин дүйнөлүк “World Press Photo” конкурсунун сыйлыгына 3 жолу талапкер болгон. Ал чыгармаларында көбүнчө Кытайдагы социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган.

Анын “Өнүгүү жана булгоо” деген сүрөтүндө өлкөнүн экологиясына терс таасирин тийгизген көрүнүштөр тартылган.

  

Өнөр жай аймактарында балдар көп. Муну менен катар Кытайдын экономикасы гүлдөп өстү. Бирок, бул үчүн кандай курмандыктар болуп жатат?

Бул сүрөттөр 2004-жылы тартылган. Кан тапшыргандан кийин 678 кытай жараны ВИЧке чалдыгып, алардын 200ү көз жумган.

Бул сүрөттө аял оорукчан небересин көтөрүп турат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдардын турмушунан алынган жан кейитчү сүрөттөр.

2010-жылы 1,2 миллион жаран абанын булгангандыгынан улам көз жумган. Рак оорусуна чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү алдынкы 10 шаардын ичинен 7 шаар Кытайда болуп эсептелет. Өндүрүш калдыктары ичүүчү сууларды булгап жатат. Кытайдын Пекин, Шанхай, Тяньцзин, Ханьчжоу, Сиан өңдүү шаарларында дүйнөдөгү эң чоң жер астындагы өтмөктөр пайда болгон. Кытайда кара түтүндүн айынан жыл сайын 750 миң адам көз жумат. 60тан ашык адам булганган суунун курмандыгы болот.

Эже-сиңди СПИДден каза болгон 6 жаштагы инисин жерге берүүгө даярданып жатышат.

Технологиянын өнүгүшү ушундай курмандыктарга алып барып жатабы?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: