Санжар Мыкыев мектепте жакшы окуп, көптөгөн сынактарга катышып, информатика боюнча олимпиадаларда алдынкы орундарды ээлеп келген.
Мектепти аяктап, жогорку окуу жайда окуган кезинде дагы өзүнүн мыкты билим деңгээлин көрсөтө алган.
Каарманыбыздын айтымында, олимпиадаларга даярданып жүрүп, билим көрөңгөсүн жетиштүү деңгээлде байыта алгандыктан, ага университеттеги сабактар абдан жеңил көрүнгөн.
Бир караганда, так илимдер боюнча предметтерди мыкты билген, айрыкча, маалымат технологияларын өздөштүрүүгө жөндөмдүү жигит кандайча шоу чөйрөсүнө аралашып калган деген суроо да туулбай койбойт. Мындай суроолорго Санжар мырза өзү төмөңкү маекте жооп берет.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ