Menu

Жаңыдан аты чыгып келаткан кинорежиссер Руслан Акундун жубайына кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

27-ноябрда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан белгилүү режиссер Руслан Акундун жубайы Каныкей Акуновага кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайты өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши КР кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө кесип өтүү) жана 338-беренеси (Соттун өкүмүн, чечимин же башка сот актысын аткарбоо) боюнча козголгон.

Мурда массалык маалымат каражаттарында Каныкей Акунова экинчи күйөөсү Руслан Акун жана кичинекей баласы – экөө менен 2014-жылдын август айында Чалдыбар-автобекети КӨПтөн өткөндүгү тууралуу маалымат жарыяланган. Ал эми чек арада паспортторду каттоо системасында анын режиссер күйөөсү менен гана өткөндүгү катталып,  жашы жете элек бала менен чек арадан өткөндүгү тууралуу маалымат жазылган эмес. Бирок, алар чек арадан үчөө тең өткөндүгүн Казакстандын чек арачылары аркылуу далилдешкен. Аскердик прокуратурасынын кылмыш ишин козгогондугу мына ушул ишке байланыштуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: