Кечээ, 5-декабрда Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдар жана чоңдор арасында уюштурулган шаардык ХХ спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара “Сейтек” улуттук балдар борборунда уюштурулуп, гала-концерттин коштоосунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле, иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө арналган. Ал эми, сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева, Спорт жана дене тарбия башкармалыгынын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов катышты.
Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктап жатып, вице-мэр Асель Куламбаева жеткинчектерге чын ден-соолук каалап өттү. Эскерте кетсек, шаардык ХХ спартакиадага жалпы 376 спортчу катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ