Human Rights Watch укук коргоо уюму Европа Биримдигине Кыргызстандын бийлигинен камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууну өтүнүч кылышын суранган кайрылууну жарыялады.
Жамааттык кайрылуу 10-декабрда Брюсселде өтө турган “Европа Биримдиги – Кыргызстан” отурумуна карата жарыяланган.
Укук коргоо уюмунун айтымында, Азимжан Аскаровдун 2010-жылдан бери камакта отурушу адам укугунун бузулушу болуп эсептелет. 2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети А.Аскаровду тез арада бошотууну өтүнгонү менен, ал дагы деле абакта.
КР менен ЕБ кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү алып барып жаткандыктан, укук коргоочулар аталган суроого да көңүл бөлүнүшүн суранууда.
“2016-жылдын апрель айында ЕБ Кыргызстанды БУУнун адам укуктары боюнча комитети берген кеңештерди аткарууга чакырган. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин, сиздер өлкөнүн эл аралык уюмдар менен кызматташуусу өтө маанилуу экендигин белгилегенсиздер. Эми Кыргызстандын бийлиги, анын ичинде өлкө башчы дагы Азимжан Аскаровдун бошотулушу ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени бекемдөөдө чечүүчү ролду аткара тургандыгына көңүл бурушу керек. Өкмөт Азимжан Аскаровдун камактан бошотуп, реабилитациялап, анан компенсация менен камсыздоосу зарыл,” – деп жазылган кайрылууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ