Menu

Орун басар тутулуп, жогору жагы кутула береби?

Бөлүшүү:

Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашып, анын 50 миңин алып жаткан жеринен кармалды. Буга чейин алкымынын айынан колуна кишен салынган Азимжан 120 миң долларын алганга үлгүргөн экен. Министр Жамшитбек Калилов болсо орун басарынын пара менен кармалганын угуп “шок” болуп, таң калыптыр. Жамшитбек мырза “Тендер бир адамга байланыштуу эмес. Анын мүчөлөрү көп, ал жерде Коомдук көзөмөлдөө кеңеши, Экономика, Каржы министрлигинен, УКМКдан өкүлдөр бар. Кээде депутаттар кошулуп калат” деп айткан. Демек, Жусубалиев жалгыз өзү 520 миң долларды жутунуп алайын дебесе керек. Тамырлаштарын таап, алардын дагы чыныгы жүзүн ачпаса, бул бийликтин түбүнө ошол
адамдар жете турганы белгилүү.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: