Menu

Жолдубаеваны таба албай УКМК убара

Бөлүшүү:

“Байлыгымды текшергиниң! Мына документтер. Баары мыйзам чегинде болгон. Мен Түркиядагы ишканамды сатып, тээ илгери эле 35 млн доллар пайда көргөм” деп Атамбаев президент кезинде башкы прокурор болуп турган Индираны өзүнө чакырып, колуна папка карматпады беле. Атамбаевдин ошол айткандары карандай калп экенин Байсалов далилдеп салган. Эми мурунку президенттин байлыгын УКМК текшерип баштаган соң, Атамбаев президент башы менен Индиранын колуна тапшырган папка жер жутуп кеткендей эч жерден табылбай жатыптыр. Жолдубаева колуна тийген папкени каттоого дагы алдырбаптыр. УКМКнын кызматкерлери Индираны суракка чакыралы десе, ал дагы кайда экенин таптырбай жүргөнү кызык болууда. Президент берген папкени кызмат абалынан пайдаланып, түп орду менен жок кылган Жолдубаеванын жоругуна ачууланган УКМК кызматкерлери, сулууну суракка алып келип, сурай турган соболдор көбөйүп кетти, башка иштерди баштабай эле, Атамбаевдин байлыгы боюнча сураганда эле суй жыгылат деп олтурушат.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: