Menu

Видео – Кара-Суу районунун Каратай айылында болгон автокырсыктан эки адам жантаслим болуп, 3 адам оор абалда ооруканага түштү

Бөлүшүү:

5-декабрда болжол менен саат 16:30 да Кара-Суу районунун Каратай айылында жеңил машина менен оор жүк ташуучу машина кагышып, эки адам окуя болгон жерде жантаслим болгон. Бул тууралу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Алай районунун 1986-жылы туулган А.К. аттуу тургуну өзүнүн “Тойота Авенсус” жеңил машинасында жүргүнчүлөрү менен Ош шаарын көздөй бараткан. Күтүлбөгөн жерден алардын алдынан дагы бир жеңил машина чыга калган. Андан качам деп А.К. каршы тараптан келаткан, 1991-жылы туулган Кара-Суулук О.Т. башкарган “Скания –R164480” оор жүк ташуучу машинанын алдына кирип кеткен. Натыйжада, окуя болгон жерде эки адам дароо жантаслим болуп, 3 адам оор абалда Ош облусттук ооруканасына жеткирилген. Каза болгондордун бирөөсү 1967-жылы туулган Кытайдын жараны Лиу Ченг Жлие болуп чыкты. Экинчи маркум 1986-жылы туулган Ноокат районунун тургуну К.М. кыргыз жараны экендиги такталды.

Этият болуңуздар, коркунучтуу кадрлар бар:  

https://www.youtube.com/watch?v=UuuL34_DwWE

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: