Menu

Кримтөбөл “Алтуханы” актаган сот иштен алынды

Бөлүшүү:

Алтынбек Ибраимов, “Алтуха”.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Дөөлөтбек Турдукожоев жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан четтетилди. Ал Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын сунушунун, Башкы прокуратуранын аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга берген макулдугунун негизинде иштен алынганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын башында Кыргызстанда криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов эркиндикке чыккан учурда судья Дөөлөтбек Турдукожоевдин аты аталган.

Алтынбек Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев экөө 2015-жылы “адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан”, “опузалап акча талап кылган” деген айып менен камакка алынган. Ишти былтыр Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Дөөлөтбек Турдукожоев “опузалап акча талап кылганы далилденген жок” деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда “баңгизат сактаган” деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок “кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти” деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: