Кыргыздын кылымдарды карыткан өнөрүн өркүндөтүп, комузун колго алып, сөзгө салып, калың журтка таанылган чыгармачыл адамдар кыргыз элинде аз эмес. Алардын ичинен суурулуп чыгып, көпчүлүктүн көңүлүнө бата алгандар тандалуу гана. Дал ошол комузда ойноо өнөрү аркылуу калың журтка таанылып, азыркы учурда эл-журттун кызыгуусун арттырып жаткан Карамолдо Орозов атындагы атайын сыйлыктын, ошондой эле фольклор жаатындагы көптөгөн сыйлытардын ээси, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу бизде конокто.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ