Кечээ, 7-декабрда Түркия парламентинин спикери Бинали Йылдырымдын Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында анын жубайы Семиха Йылдырым КР Улуттук китепканасына барды.
Ардактуу мейман – Семиха Йылдырымды Улуттук китепканадан КР парламентинин спикеринин жубайы Алина Жумабекова тосуп алды.
Жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Василика Фырат, КР ТИМдин, ТИКА эл аралык уюмунун жана Улуттук китепкананын өкүлдөрү катышышты.
Семиха Йылдырым китепкананын Чынгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк залынын улуу жазуучуга байланыштуу фотодокументтери, иллюстрациялары, картина жана китептери менен таанышып чыкты.
Жолугушуу жылуу маандайда өттү. Аягында Семиха Йылдырым айымга кыргыз тилиндеги “Манас. Семетей” китебин белекке беришти. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Семиха Йылдырым айым Кыргызстандын тарыхына жана маданий мурастарына кызыкканын билдирди. Жолугушуунун аягында Семиха Йылдырым менен Алина Жумабекова айым китепкананын атайын ардактуу меймандар китепчесине өз каалоолорун жазып калтырышты.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ