Menu

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунан кармалып, абакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-декабрдын кечинде Атамбаев режиминин сүймөнчүгү, экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” эл аралык аэропортунан чет өлкөгө качып бараткан жеринен кармалып, абакка алынды. Бул тууралу жеке булактар билдиришти.

Дүйшөнбек Зилалиев былтыр, 2017-жылдын 24-ноябрында “президент келе жаткан жолго бомба коюлган” деп жалган маалымат бергени үчүн сот тарабынан шарттуу түрдө 3 жылга кесилген. Ал өкүмгө байланыштуу экс-вице-премьер чет өлкөгө чыгууга, Кыргызстандын аймагын таштап кетүүгө укугу жок экенин билген. Билип туруп, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракет кылганы – чет өлкөгө качуу аракети, мыйзам бузуу деп бааланып, абакка киргизилди.

Ал эми Зилалиевдин досторуна телефон чалып сурасак, “аэропорттон кармабай эле, жумадан ишембиге караган түнү милиция үйүнөн кармап кетти” деп тастыктады.

Акыркы маалыматтар боюнча азыр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын убактылуу кармоочу абагында олтурат жана бүгүн, 9-декабрда  Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Эксперттердин айтымында УКМК экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди Атамбаевдик режим учурундагы тоо-кендерин сатуудагы коррупциялык схемалар боюнча кармашы мүмкүн.  Ал кезде Зилалиев тоо кен тармагын да башкарып, экс-президент Атамбаевдин сүймөнчүгүнө айланып кеткен.

Айрым досторунун айтымында, Зилалиев акыркы мезгилде “Совбездеги досторум эскертишти, УКМК менин артыман  “семерканы” аңдытып коюптур, телефон чалууларым да тыңшалат экен. Министр болуп тургандагы лицензиялар боюнча “казып” жатышыптыр” деп арызданган экен.

Билермандар Дүйшөнбек Зилалиев менен КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаевдин жакын достугун, Зилалиев өз учурунда досу Сагынбаевди мамлекеттик кызматка алып келип, тепкичтен тепкичке көтөрүлүүгө сүрөмөлөп жүргөнүн белгилешет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: