Кечээ, 9-декабрда эки айга камакка алынган мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктардын бириндеги эсебинде 1 миллион доллары бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Дүйшөнбек Зилалиев 10-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага мыйзамсыз байыгандагы үчүн айып тагылды. Зилалиев Геология жана жер байлыктарын иштетүү мамлекеттик агенттигин жетектеп турганда кайсы ишканаларга кен иштетүү үчүн лицензияларды бергендигин тергөө иликтеп жатат.
Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев кечээ кармалган. Мурунку аткаминер буга чейин бомба жөнүндө жалган маалымат тараткандыгы үчүн шартуу түрдө үч жылга кесилген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ