Menu

Бакытка бөлөнгөн майып эненин баяны

Бөлүшүү:

Гүлмайрам Алимбай кызы тубаса айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Ал үч жыл мурун  жолдошу Максат Исхаков менен үй-бүлө куруп, эки жылдан кийин бир кыздуу болгон. Гүлмайрамдын төрөшүнө  дарыгерлер караманча каршы чыгып, уруксат беришкен эмес. Бирок, ал оорулуу экенине карабастан көз жарып, эне бактысына ээ болду.  Тубаса айнек сөөк оорусу менен жабыркагандардын боюна бүтүп, аман-эсен көз жарышы Кыргызстанда биринчи жолу катталды.

                           Оору менен күрөшкөн өмүр  

Гүлмайрам Алимбай  кызы 26 жашта. Ал төрөлгөндөн бери эле айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Анын акыл-эси, кыймыл-аракети жакшы өөрчүгөнү менен бут сөөгү сынып, бою өспөй калган.  Гүлмайрамдын айтымында бул дарт организмде кальций жетишпегендиктен пайда болуп, бут сөөктөрү   бат-баттан сынып, өспөй калат. Айнек сөөк оорусу менен жабыркагандар өтө эле назик болуп, кокустан эле жыгылып кетсе сөөгү сынат. “ Бул кыргыздарда бар, эски оору экен. Биз өзүбүзгө өтө кылдат болуп, эң негизгиси жыгылбашыбыз керек. Эгер бир жерди жаза басып жыгылсак бут сөөгүбүз сынып, коляскада отуруп калабыз.”

Гүлмайрам 20 жашында биринчи жолу өз алдынча басуу мүмунчүлүгүнө жетишкен. Ага чейинки өмүрү майыптар арабасында өткөн. “Мен алгач төрөлгөнүмдө  итий оорусу менен ооруйт  деп ойлошуптур. Бирок анын белгилери байкалбагандыктан дарыгерлер ар кандай божомолдорду айтышкан. Илгери апамдар тамеки теришчү экен, ошонун кесепети болушу мүмкүн дешти. Негизинен атам менен апам жакын тага жээндер, анын таасири  деп да жүрүшөт. Эгерде чын эле ата-энемдин туугандыгынын таасири болсо, башка балдары деле мендей болуп төрөлмөк деп ойлойм. Өзүм үч бир тууганмын, менден башкасы дени сак, кадимкидей эле адамдар. Тукумубузда деле мындай нерсе болгон эмес экен. Жети жашымда сөөктөрүм сына баштады. Дарыгерлер  сынган сөөктөрүмү гипистеп эле калыбына келтирип коюшчу. 16 жашымда операция болуп, төрт жылдан кийин басып, коомго аралаша баштадым.   Мурда болсо коляскада отуруп, дайыма бирөөгө көз каранды болгондуктан үйдөн деле көп  чыкпайт элем. Үйдө  өзүмдөн өзүм бук болуп, чыр чыгарып,үйдөгүлөр менен себепсиз эле уруша берчүмүн. Ал гана  эмес ушундай болуп жаралып калганыма ата-энем, бир туугандарымды  да күнөөлөчүмүн. Көрсө жараткан баардык эле адамга бирдей жашоо бербейт тура. Менин мындай болушума эч ким күнөөлүү эместигин кийин түшүндүм. Ысык суугума чыдап, мен күлсөм күлүп, ыйласам ыйлаган ата-энем менен бир туугандарыма ыраазымын.Ошол адамдар болгон үчүн  басып жүрөм.”

                           Бактылуулуктун ачкычы – ар бир адамдын өз колунда

Гүлмайрам мындан үч жыл мурун жолдошу Максат Исхаков менен таанышып, экөө бири-бирин жактырышып, турмуш курушкан.  Баса, Максат Исхаков экинчи топтогу майып. 20 жашында кырсыктап бутунан операция болуп, азыркыга чейин оорунун азабын тартып келет. Бирок, ал оорусун шылтоолоп жатып албай, чоң атасынан калган өнөрдү аркалап, өтүк тигип үй-бүлөсүн багат.

Гүлмайрам жолдошу менен таанышкан күндү мындайча эскерет: “Биз телефон аркылуу тааныштык. Жолдошум дароо эле үйлөнүү максатында чалып жатканын ачык эле айтып жолугушууну сунуштады. Мен макул болдум. Максат  мени биринчи көргөндө боюман сестенип, сүйлөшкүсү келген жок. Менин мүнөзүм ачык-айрым болгондуктан аны сөзгө тартып бир аз маектештим. Максат мага үйлөнбөйт, менин боюму көрүп туруп үй-бүлөсү деле кабыл албайт го деп ойлодум. Бирок баары мен ойлогондой болгон жок. Көп өтпөй Максат мени ата-энеси менен тааныштырды, алар эч каршы чыгышкан жок. Тескерисинче менин ата-энем кайын-журтуң кандай кабыл алат деп чочулап жатышты. Кудайга шүгүр экөөбүз бири-бирибизге жөлөк болуп бактылуу жашап келе жатабыз. Бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле жыйылган дүр-дүйнөнүн кереги жок. Жаныңда сени түшүнгөн  жолдошуң, божураган чүрпөлөрүң турса бакыт эмей эмне? Бар нерсеге ыраазы болуп жашасаң ал сөзсүз берекелүү болот. Алты саны аман туруп байлыкка азгырылып арам жолдон акча таап жашагандар канча, карызга батып ичкиликке берилип кеткендерди айтпай эле койоюн. Ден-соолугуң чың болгондон кийин ак эмгек, адал жол менен ийгиликке жетишүү керек.  Майыптар болсо “ майыпмын” деп отура бербестен китеп окуп, өзүн өнүктүрүп коомчулукка аралашыш керек. Ар бир адам өз тагдырын өзү жасайт, демек бактылуулуктун  ачкычы да ар бир адамдын өз колунда деп ойлойм.”

                           “Балалуу болуу мен үчүн кыял болчу”

Бала кезинен бөбөктөргө жакын болуп, көп балалуу болууну кыялданган Гүлмайрам учурда бир кыздын мээримдүү энеси.  Дарыгерлер ага төрөгөнгө болбой турганын айтып, эгер төрөсө өзү көз жумарын же бала майып төрөлөрүн эскертип, уруксат беришкен эмес. Баланын майып төрөлүү ыктымалдуулугу Гүлмайрамды катуу ойго салган. Бирок ал дарыгелердин айтканына кайыл болуп, майып болсо да баланы төрөгөнгө чечим чыгарган.

“Мен алгач боюма бүткөнүн билгенде сүйүнгөнүмөн ыйлап жибериптирмин. Аткени балалуу болуу мен үчүн кыял болчу, реалдуу жашоодо мындай мүмкүнчүлүк жок дечүмүн. Менин төрөшүмө дарыгерлер гана эмес жакындарым да каршы чыгышты. Алар менин өмүрүмдөн кооптонуп жатышты. Мен болсо келечектеги  майып баламы элестетип анын келечегин ойлондум. Жолдошум экөөбүз кеңешип отуруп майып бала төрөлсө да аны багып чоңойтууга даярбыз деп чечим кабыл алдык. Ай күнүм жакындаган сайын өзүмү өлүмгө,  бир жагынан майып баланы кабыл алууга да моралдык жактан даярдап жүрдүм.”

Көп өтпөй Гүлмайрам операция жолу менен көз жарып, дени сак Айша аттуу кыздуу болгон. Айшада эч кандай майыптык белгилер болгон эмес. Учурда эне менен баланын ден соолуктарында коркунуч жок. Гүлмайрам төрөттөн кийин ден соолугу мурдагыдан да жакшырганын кубануу менен айтат. “Айша мага энелик бакытты тартуулады. Ал төрөлгөндөн бери жашоомдо бир топ өзгөрүүлөр болду.Чын жүрөктөн каалап кыялдансаң сөзсүз орундалышына ишендим. Эне болуу өзгөчө бир сезим экен, ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң дегендей, атам менен апамын кадырын эми билип жатам. Мен көз жарганымда менден мурда апам сүйүнүп, кубанычтан жашып алыптыр. Көрсө эне үчүн канынан жаралган баласынын бактысы  баарынан маанилүү турбайбы. Учурда менин эң негизги максатым кызымды аман эсен чоңойтуп, татыктуу тарбия берүү.” Гүлмайрам ден соолугу жакшы болуп, мүмкүнчүлүк болсо эле, дагы балалуу болууну каалаганын жашырган жок.

                            Коомдук жайларда майыптарга шарт жок

“Эч кимге көз каранды болбой өз алдыбызча жашагыбыз келет” деген Гүлмайрам Алимбай кызы майыптар үчүн шарттар каралбаганына нааразы. “Биз коомдук жайларда эркин жүрө албайбыз. Мисалы, менин базарга же ооруканага барышым чоң бир күчтү талап кылат. Такси чакырышым керек дегендей… Дайыма эле такси чакырганга каражатыбыз жетишпегендиктен айласыздан коомдук транспортторго чыгууга мажбур болобуз. Биздин абалыбызды көрүп эле токтоп коюшсачы, атайылап токтобой өтүп кетишет. Анын үстүнө бардык эле коомдук транспорттордо атайын майыптар үчүн шарттар боло бербегендиктен жаныбызда дайыма бирөөнүн болуусу шарт. Биз дагы башка адамдардай киного, театрга, концертке барууну каалайбыз. Тилекке каршы ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдүн  жоктугунан бул нерселерден баш тартууга туура келет.”

Гүлмайрам 5-класка чейин Бишкек шаарындагы №21 мектеп-интернатында окуп, шартка байланыштуу билимин уланта албай калган.  Окуганды, жазганды билет. Убакыт тапса эле китеп окууну адатка айланткан Гүлмайрам кеч болсо да жогорку окуу жайдан билим алып бир кесиптин ээси боолууну каалайт.

“Толук кандуу билим ала албадым. Бешинчи класымда сөөктөрүм улам сына бергендиктен, интернаттан чыгып, ата-энемдин көзөмөлүндө болууга туура келди. Азыр бир жерде иштөө үчүн,  колуңда диплом болуш керек. Университеттен билим алууну эңсеп, билимге суусаган майыптар миңдеп саналат. Технологиянын өнүккөн заманында  жашап жатпайпызбы, окуу жайларда атайын майыптар үчүн шарттар түзүлсө жакшы болмок. Мага окшогон билим алууга ынтызаарлар окуп, өздөрүн өнүктүрүү менен бирге мамлекетибизге да салым кошчулар чыгат беле деген ойдомун,”-дейт Гүлмайрам.

                             Жүрөктүн сокуру – көздүн сокурунан да жаман

Гүлмайрамды адамдардын кайдыгерлиги көп ойлондурат. Анын айтымында, өз кызыкчылыгын көздөгөн кайрымсыз адамдар көбөйүүдө. Ал,  майыптыгын  көрүп туруп жардам сураган алты саны аман адамдардын жооруктарын айтып айласыздан жылмаят.

“Мен сыртка чыкканда “Жорго” таксинин кызматынан пайдаланам. Анткени ага  бир күндө эки жолу түшсөң 50 пайыз арзандатуу болот. Бир күнү 50 пайыздык арзандатуу менен Ош базарынан таксиге отуруп келе жатсам, айдоочу “мен бул машинени ижарага алып иштеп жатам, мага жол акысын толук эле төлөй бериңизчи” деди. Анын айтканына бир күлкүм келсе, бир жагынан кыжырландым. Колу-буту бар, дени сак, ага эмне жетишпейт? Ошол машинени ижарага алып айдай албай жүргөндөр канча? Менимче андайлар жан дүйнөсү майып адамдар. Карап көрсөм биз майып эмес экенбиз, көрсө негизги майыптар  жан дүйнөсү жабыркаган, кайрымдуулукту билбеген, ачкөз адамдар турбайбы. “Жүрөктүн сокуру көздүн сокурунан да жаман” дегенге ошол окуядан соң ынандым”.

Фарида Качыбекова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: