Menu

Видео – Кечээ Канадада абсолюттук мушташта UFC чемпиону болгон Валентина Шевченко маалымат жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Кардиохирургдар адам баласынын жашоосунда өтө маанилүү роль ойношот. Анткени кээ бир учурда жүрөк оорусуна байланыштуу жардам көрсөтүүдө бир нече секунд дагы бейтаптын өмүрү үчүн чоң мааниге ээ. Андыктан бул кесипти аркалаган дарыгерлердин жоопкерчилиги да жогору, ашкере тактыкты да талап кылат. Алардын бири, профессионалдык деңгээлдеги өтө жогору, кесипкөй, колу жеңил кардиохирург,
Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, Түштүк аймактык жүрөк- кан тамыр хирургия илимий борборунун директору, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, профессор Калдарбек Абдраманов.

— Калдарбек Алишерович, сиз менен акыркы жолу мындан бир нече жыл мурун Бишкектеги Кардиология борборун жетектеп турган учуруңузда маектешкен экенбиз. Ошондо жүрөк оорусунан каза тапкандардын саны өсүп жаткандыгына кабатырланып, эгерде ар бир облустарда заманбап кардиология борборлору ачылса, бейтаптар Бишкекке убара болуп, убактыларын кетирбей жеринде дарыланмак-, деп кейигениңиз эсимде. Буга карата аракет да көрүп жаткандыгыңызды да айткансыз. Демек, ошол ой- максаттарыңыз ишке ашкан экен… Учурда иштеп жаткан борбор тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз. Жүрөк оорусунан каза тапкандардын саны башка жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө кандай? Канча дарыгер эмгектенет, кандай жабдыктар менен жабдылган?

— Ооба, өзүңүз билгендей, мен 2005–2012 жылдары ошондо жаңы эле уюшулган Бишкектеги жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтун уюштуруп, түптөп, биринчи директору болуп кызмат кылдым. Жүрөк хирургия илимий борборуна тиешелүү, өтө керектүү илимий практикалык, уюштуруу иштерди жасадым, структураларды ачтым, жаш кардиохирургдарды, илимий кызматкерлерди өзүбүздө окутуп даярдоо ишин жолго койдум. 2010-жылкы «революциядан» кийин биздин мекемеде да жагымсыз окуялар орун алып, жетекчилик кызматтан кеттим. Ошондо мамлекеттик медицинага такыр кайрылып келбейм деген ызалануү менен, алгачкы жеке менчик “КАРДИОЦЕНТР” кардиохирургиялык борборун уюштуруп түптөдүм.

Кардиоцентрди түптөөдө жубайым, балдарым-кыздарым, күйөө балдарым, тилектеш жакшы адис кардиологдор, жоро-жолдоштор чоң жардам беришти. Учурдан пайдаланып, баарына ыраазычылыгымды билдирем. Себеби азыр  кардиоцентр туруктуу адистешкен заманбап кардиология жана кардиохирургия борбору болуп калды. Ал эми 2011-жылдан бери ошол кездеги премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин,  министрликтин өтүнүчтөрү менен мага Түштүктө кардиология- кардиохирургия тармагын өнүктүрүү милдети жүктөлүп, Жалалабад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборун жетектеп иштеп жатам. Бул борборду да Бишкектеги борборду түптөп жетекчи болуп иштеп турганда филиал кылып 2010- жылы өзүм ачкам. Ошентип аймактардагы кардиология жана кардиохирургияны өнүктүрүү жөнүндөгү пландарым кайра өзүмө жүктөлүп, өзүм аткара баштадым. Албетте жакшы пландар
жакшы адамдарсыз, жамаатсыз ишке ашпайт. Жамаатта мени менен Бишкектен чогуу барган адистер, окуучуларым, жергиликтүү жогорку категориядагы врачтар иштеп чоң ийгиликтерди жаратып, түштүк элине эле эмес, Кыргызстандын бардык жеринен бизге атайы келген оорулууларга, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусиядан келген жарандарга да жардам берип жатабыз. Медициналык шаймандарды алууда да аз болсо да, жакшы патриот жетекчилер жардам беришти. Акматбек Келдибеков спикер болуп
турганда жардам берип, жаңы ачылган борборго каражат бөлүнүп иштөөгө керектүү шаймандар алынды. Азыр өнүгүү үчүн шарт аз болсо да иш жүрүп жатат. Дүйнөдө жасалуучу операциялардын баарын жасап жатабыз. Негизгиси, академик М. М. Миррахимов агайым пландаштырып, бирок бюрократ жетекчилердин кесепетинен ишке ашыра албай калган, түштүктө кардиология борборун ачуу керек деген жакшы ой-тилегин да аткара алдым. Албетте, айтканга оңой, бирок ушуларды уюштуруу, түптөө өтө чоң тоскоолдуктарды, жасалма кыйынчылыктарды өтүү аркылуу, убакыт, ден- соолукту талап кылды. Бирок мен өкүнбөйм, элиме бир чоң иштерди жасай алдым, кыргыз кардиохирургиясынын өнүгүшүнө, түштүктө кардиология тармагынын жаңы тепкичине чыгуусуна чоң жол ача алдым деп сыймыктанам! Албетте, азыр да көйгөйлөр бар. Бирок, негизги кыйынчылыктар артта калды. Биз өкмөт койгон милдетти аткардык, кезек
өкмөттө. Жетишээрлик акча берсе, 2015- жылдан бери бүтпөгөн жаңы имаратыбыздын ремонту бүтсө, жаңы шаймандарды алып беришсе, дүйнөлүк деңгээлдеги кардиохирургия борборун түштүктө, Жалал-Абад шаарында бутуна коюуга дагы да кудуретим жетет!

— Жабдыктар демекчи, мындан эки- үч жыл мурда болсо керек, операция учурунда жарык өчүп калып, колдо бар нерсени колдонуп операцияны ийгиликтүү жасап алгансыздар. Бул албетте чоң эрдик жана чоң сыйлыкка татый турган нерсе болчу, бирок тилекке каршы министрлик сөгүш берип “сыйлады”… Ушул тууралуу да айта кетсеңиз. Дегеле, саламаттыкты сактоо тармагындагы кандай көйгөйлөр сизди ойлондурат?

— Ооба, айтпадымбы кыйынчылыктар көп болду деп. Мен келгенде борбордун чатырынан суу өтуп, коллектив, бейтаптар баарыбыз бир даараткана колдонуп, лифт жок, жабдыктар жок тозоктун күнүн көргөнбүз. Баарынан жаманы күндө свет, суу өчүп биздин жумушту экстремалдуу шартка айлантып иштөөгө такыр мүмкүн болбой калчу. Ошентип, ошол жолу свет 5 же 10 минут эмес 36 минутка өчүп калды. Жүрөккө өтө татаал операция жүрүп жаткан эле. Дүйнөлүк практикада мындай учур экинчи катталышы экен. 90-
жылдары Украинада профессор М. Тодуров да ушундай акыбалда 20 минута операцияны ийгиликтүү жасаган экен. Ал адам азыр Украинанын баатыры, сыймыгы, азыр да татыктуу шартта үзүрлүү эмгектенүүдө. Ошондо аларда шаардын, райондун, облустун чоң жетекчилери жумуштан алынып көбүнө сөгүш берилиптир. А бизде тескерисинче оорулууну аман алып калсам да, кырсык болсо да, тийиштүү кызматтар күнөөлүү болсо да мага бир арзыбаган төш белги эмес, тескерисинче сөгүш берип тынчып калышты!
Тармакта эле эмес медицинада көйгөй чачтан көп. Мамлекетик медицинанын мындан төмөн түшө түрган деңгээли деле калбай калды. Негизги себеп туруктуу мамлекеттик ички финансылык каржылоо булагынын жоктугу, башкаруунун өтө борборлоштурулуп кетүүсү. Акыркы 20 жылда медицинаны туруктуу каржылоо 14 миллиард сомдун тегерегинен көтөрүлө албады. Ошол эле учурда элдин саны 4 миллиондон 6 миллионго
өстү. Бир чоң оорукана курулбады! Кайра койкалар, штаттар, структуралар кыскарды, дагы да кыскарууда. Шылтоо реформа жасоо!!! Жыйынтык тийиштүү адис жетишпейт, врач жетишпейт, койка жетишпейт, жабдыктар жетишпейт ж. б.у.с. жетишпейттер. Бир дагы ийгиликтүү, туруктуу өнүккөн багыт жок. Кыскасы көйгөй көп, чечүүнүн жолу жок. Жасалып жаткан иштердин баары өрт өчүргүчтөрдүн ишине окшогон, кайда тешилсе ошол жерди жамап коюу менен чектелет. Негизги себеп өкмөттө акча жок, же жетишээрлик көлөмдө медицинага бөлүнбөйт. Ошондон улам мен да медицинаны өнүктүрүүнүн принципиалдуу башкача планынын түзгөм, жарыялагам, бирок өкмөт көңүл бура элек. Андай системада иштеген Бразилия, Сингапур өлкөлөрүндө медицина өнүктү.

— Дагы кандай уникалдуу операциялар жасалып жатат?

— Акыркы жылдарда жылына 300дөн ашык чоң, татаал операцияларды жана 500дөй кичи операцияларды, дүйнөдө жасалып жаткан операциялардын бардык түрлөрүн жасап жатам. Орган алмаштыруудан башкасынын дээрлик баары жасалууда. Алардын ичинде уникалдуулары көп. Өзгөчө ымыркай балдарга операция жасоону жолго койдук. Кудайга шүгүр, өлүм көрсөткүчү өтө төмөн.

— Абдан жакшы экен. Окуу жайды жаңы бүткөн жаш дарыгерлерди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашууга жиберип турчу элеңиздер. Азыр бул жагдай кандай?

— Илгери баарыбыз Орусия, Европа, Америкадан окусак, азыр биз жаш кардиохирургдарды өзүбүз даярдайбыз. Андай даярдоо курстарын мен биринчи Бишкекте 2005–2010-жалдары Жалалабадда 2013- жылдан бери ачып ишке киргизгем. Азырга чейин 100гө жакын адис даярдадык. Көпчүлүгүн өзүм даярдадым. Кыргыз кардиохирургия мектебин түптөдүм десем да жарашат. Билсеңиз керек, мен өзүм да убагында 10 жыл Москвада катаал 90-жылдарда белгилүү академик, Орусиянын башкы кардиохирургу Лео
Бокериянын кол алдында окуп, докторлук диссертация коргоп профессор наамын алып кайткам. Ошондуктан адистерди өзүбүздө даярдоо кандай маанилүү экенин жакшы билем. Албетте азыр да өнүккөн борборлорго жаштарды окууга ,тажрыйба алууга жөнөтүп турам.

— Жумушуңузга байланыштуу Бишкек- Жалал-Абад жолунда көп жүрөсүз. Унаа менен жол узак, учак менен жүрүү бир топ ыңгайлуу эмеспи. Бирок, тейлөө тармагы, жол киренин кымбаттыгы бир аз ыңгайсыздык жаратып жаткан жокпу?

— Ооба, жол азабын жакшы билем. Үй бүлөм, неберелерим Бишкекте турушат. Анан жумушка ылайык жума сайын Бишкекте, Ошто кезекке жазылган оорулуу адамдарды көрүш үчүн келем. Көбүнчө учакта, кээде унаа менен жүрөм. Албетте Жалалабад аэропортунун мүмкүнчүлүгү кейитет. Жок дегенде күнүнө бир жолу учса
жакшы болмок. Конуучу жай кыска, техника жокко эсе. Мамлекеттеги эң чоң өнөр жай облустунун борбору болгондон кийин, үчүнчү шаары болгондон кийин аэропортту оңдоп койсо жакшы болмок. Аэропорт эле эмес Бүргөндү-Жалалабад жолунун абалы да зээниңди кейитет. Ал жол ыйык жол болду деп тамашалап калам жолчуларга, ал жол жашы мени менен курдаш 60 тан ашты, дагы 40 жыл тийбей бирок оңдоп турсаңар деле иштеп берет деп. Ушулардын баары элдин кан басымын көтөргөн негатив факторлор экенин билбей жатышкандыктары өкүндүрөт. Өкмөт элдин акчасын туура пайдаланып, ушул көйгөйлөрдү ыкчам чечиш керек эле!

— Эми бир аз саясатка кайрылсак. Өмүрбек Текебаевдин соттолушу боюнча сиздин жеке пикирди уксак.

— Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун жалган жалаа менен соттолушканын мончого бара жаткан байбиче деле билет да! Өмүрбек Чиркешовичти мен бала кезинен билем, ал элге керектүү адам. Өзгөчө азыркы президентибиз урматтуу Сооронбай Шариповичтей ал да таза иштеп 90- жылдардан бери саясатта келаткан инсан. Ошондуктан менин жеке оюм, мамлекетти көтөрүш үчүн таза инсандар түшүнүшүп,
кечиримдүү болушүп, биримдикте бири бирине жөлөк- таяк болушуп чогуу иш алып барса жакшы болмок. Себеби баарыбыздын тилек бир — ​өлкө, Кыргызстаныбыз бирөө, өмүр кыска, жашоо бирөө, ошону эртең өкүнбөгөндөй туура пайдалануу!

— Акыркы суроом, Президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө кандай
баа бересиз?

— Президентибиз чынында Кудай деген адам. Жакшы иштерди баштады, убакыт керек, ийгилик болооруна ишенем. Жетекчиликтин бардык баскычтарын өткөн. Демек ишенебиз. Ал эми ар бир тармакты көтөрүш үчүн күчтүү адискөй адамдарды кызматка тартса жакшы болмок. Албетте, өкмөт курамын өкмөт башчы, Жогорку Кеңеш көрсөтөт. Бирок, канткени менен өлкөнүн жоопкерчилиги, келечеги, тагдыры негизинен
Президенттин колунда. Элдин да ою, каалоосу ошондой. Ошондуктан жоопкерчиликти колго алып тармактардын жетекчи кадрларын тандоодо өз оюн айтып туруусу зарыл! А биз адискөй адамдар Президентибизге, өкмөткө чын дилден жардам берип таза иштеп, өлкөнүн, элибиздин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошконго даяр болушубуз керек. Себеби Кыргызстан баарыбыздыкы, ал жалгыз бирөө!

Маектешкен: Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: