Menu

Жогорку Кеңештин комитети финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет Премьер-министр тарабынан финансы министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековнанын талапкерлигин жактырды. Ал ушул жылдын 6-декабрында өз каалоосу менен отставкага кеткен каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна көрсөтүлүүдө.

Талапкерди депутаттарга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тааныштырды. Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан талапкер узак мезгил аралыгында өзүн мамлекеттик каржы саясаты жаатындагы чыныгы кесипкөй жана мол тажрыйбалуу кызматкер катары көрсөтө алды, ал министрликке толук татыктуу.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ушу тапта КР Президентинин кеӊешчиси болуп иштейт. Ал ага чейин Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы сындуу ири каржы мекемелерин жетектеп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: