Menu

Өзүбүздү өзүбүз алдаган 6 айла-амал

Бөлүшүү:

Жашооңузда туш келген чечкинсиздик жана аракетсиздиктин негизги себеби – жаралган маселени өз убагында байкап, чече билбегендиктен жана өзүңүздүн акылыңыздагы жашырынган жалган маалыматты түшүнө билбегендиктен келип чыгат. Ар бир адам, эң эле ийгиликтүү же энергиясы ашып-ташып турганы деле, кээ бир учурда кайсы бир нерсеге аракет жасоо үчүн жалкоолукка жеңдирип коюшат.

Ал эми айрымдары мындай маселелерди жеңил эле чечип койгонго күчү жетет. Анткени алар жаралган маселени өз убагында байкай алышты жана аны чечүүгө аракет көрүштү.

Мен ал эмесмин

“Эмне үчүн ал көптөгөн ийгиликтерге жетишти, а мен анте алган жокмун? Анткени, мен ал эмесмин да… ал абдан акылдуу, күчтүү, табышкер, а мен эмне…” …ушул сыяктуу нерселерди көп ойлойсузбу?!

Албетте, ар бир адам ар башкача… Ар бирибиздин мүмкүнчүлүгүбүз, жөндөмдүүлүгүбүз ар кандай. Бирок, муну менен кээ бирөөгө укмуш чоң мүмкүнчүлүк берилип, башкасына эч нерсе берген эмес деген ойдон кескин баш тартуу туура болот. Биз өзүбүздү башкалар менен салыштырууну абдан жакшы көрөбүз. Бирок, бир аз башкачараак ой жүгүртүү туура болот. Маселен, “Ал жасаган нерсени мен деле жасай алам, колумдан келет”- деп алдыга ишенимдүү кадам таштаңыз.

Мага өзгөрүүнүн кереги жок 

“Мага эмне үчүн өзгөрүүлөр, толкундоолор керек, мага ушул жашоом эле жагат. Мен муну жоготуп албашым керек…”

Албетте, бул бир тарабынан жакшы деңизчи, себеби азыркы турган жериңиз, жумушуңуз өзүңүзгө жагат. Бирок, бул түбөлүк бир орунда турбайт да. Жашоо деген жаңыланып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, көз караштарды талап кылат. Сиз муну каалайсызбы же каалабайсызбы, дүйнө күн сайын өзгөрүп турат.  Андыктан, өзүңүз жаңы көз караш менен өнүктүрүңүз.

Мен бул нерсени кийинчерээк жасап коем

Учурда такыр бошобой жатам, убактым тар, үй-бүлөм, жумушум, балдарым бар. Бир аз бошоюн анан бул ишти кийинчерээк жасап коём”- деген сөздү көп колдоносуз, туурабы?! Психолог адистеринин айтымдарында кайсы бир маанилүү ишти кийинкиге калтыруу – бул баштала элек ишти “өлтүргөндүккө” жатат. Андыктан бардык нерсени өз убагында жасаганга аракет жасаңыз. Ийгилик сөзсүз сиз тарапта болот.

Мен мунун  кандай жасалаарын билбейм

“Эгер мен муну жасаганды үйрөнүп алганда, анда жасайт элем. Бирок, мен мунун кандай жасалаарын билбейм да. Мага жардам бере турган да эч ким жок, эми канттим..” Албетте, кээ бир ишти жасоодо өзүнчө окууну же үйрөнүүнү талап кылат. Бирок, азыркы өнүккөн заманда интернет ааламы бар эмеспи. Кандай гана маалымат сурабаңыз, сөзсүз жооп аласыз. Андыктан ар дайым маалымат булактары менен дос болуңуз.

Бул анча деле маанилүү эмес

“Негизи, мен үчүн бардык нерсе – баары бир… Анткени анча деле маанилүү эмес” – деген сөз да көп колдонулат. Бул өзүн- өзү алдагандыктын эң жогорку деңгээли болуп эсептелет. Анткени сиз маанилүү эмес деген жагдайлар жашооңузду башка нукка буруп, өзгөртүүгө дуушар кыла турган маселе болушу толук ыктымал. Эгер анчалык деле мааниси жок деп кол шилтеп басып кетсеңиз, демек катуу жаңылган болосуз. Жашоонун бардык жагдайлары маанилүү экенин унутпаңыз.

Мен корком

“Эгер уят болуп калсамчы? Анда, баары күлүшөт да.. Же мени жаман көрүп калышы мүмкүн… Кандай болгон күндө да баары ийгиликсиз болот, андыктан мен корком”… Эсиңизден чыгарбаңыз, бардык эле жасалган иштер ийгиликтүү аяктай бербейт. Жаңылуулар, кемчиликтер болот. Бирок, ошолорду басып өтүп отуруп, акырында сөзсүз түрдө ийгиликке жетесиз. Андыктан корком, башкаларга уят болом дебей, эгер бул ишти жасаганга аракет жасабасам анда катуу кейип калам – деп өзүңүзгө өзүңүз багыт бериңиз.

Автор: Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: