Menu

Алмаз Атамбаев бүгүн Ахмат Келдибеков менен Нариман Түлеевди мамлекетти уурдап миллионер болгондор, азыркы бийлик ушундай уурулар менен достошуп жатат деп айыптады

Бөлүшүү:

Мен убагында өзүмдүн эмгегим менен бай болгомун, бир канча килтейген завод меники болчу. Ресторандан чачтарачканага чейин өзүмдүн ишканаларым бар болчу. Чет элде да ишканаларым бар болчу. Түркиядагы “Гүлжанлар” ишканамды сатып 2002-жылы эле 1 миллиард 900 млн сом акча алгамын”, – деп билдирди бүгүн, 10-декабрда  Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына интервью берип жатып.

“Жыл сайын ошончо акча алып жаткан адам… ыы, эми андан аз алып калган учрлар да болчу албетте, жыл жылга төп келбейт да. Мен 1989-жылдан баштап, 2005-жылдын сентябрына чейин бизнесмен болгомун. Ошончо жыл иштеп, ошончо акча тапкан адам, ошол тапкан акчасына өзүнө үй салса бул дагы эмне күнөө болуп эсептелеби? Андан көрө мени текшербей, жанагы өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, миллиондогон акчага үй салып, миллиондогон акчага той өткөрүп, миллион турган джиптерди мингендерди текшербейби. Адал акча менен арам, уурдалган акчанын айрымасы жок кылып көрсөткөнү жатышат. Ошол эле өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, мультимиллионер болгон Келдибеков, Түлеевдер “Атамбаевди камаш керек!” деп кыйкырып жатпайбы. Кимди камаш керек? Мамлекеттен уурдап миллионер болгондордубу, мамлекеттен уурдаган акчасын ары-бери чачкандардыбы же өз эмгеги менен акча таап, өзүнүн ата-бабасынын конушуна үй салгандардыбы? Азыркы бийлик ошондой уурулар менен ушакчылар менен төп келишип калыптыр да, колдогону да ошолор болуп жатпайбы. Бул таңгалдырат албетт”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: