Menu

Нариман Түлеев: “Атамбаевдин самолетто канча арак ичкенин, Жээнбеков менен Путинди эмне деп жамандаганын анын телеканалындагы дебаттардан да айтып бере алам”

Бөлүшүү:

Нариман Түлеев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кечээ, 10-декабрда берген маегиндеги экөөсүнүн Бишкек-Москва каттамындагы жолугушуусу тууралу айткандарына каяша жазды. Анын айтымында, экс-президент Атамбаев Нариман Түлеевди барон Мюнхгаузенге теңеп жатып, бул сөз менен дал өзүн сүрөттөп жатканын байкабай калган.

“Барон Мюнхгаузендин прототиби кечки тамактануудан кийин, тагыраак айтканда кечинде отуруп алып өзүнүн жомокторун айтканды жакшы көрчү. Азыр Атамбаев дагы үйүндө жылуу-жумшак отуруп алып жомок-таржымалдарын айтып жатат.

“Атамбаевдин айткан сөздөрүнө аны такыр тааныбаган адам гана ишениши мүмкүн, ал эми  анын кантип кыйын иштеп, өз байлыгын чогулткандыгын   эл уккусу деле келбей калды. Чындыкты мынтип четке кагуу психикасы соо эмес адамга таандык. Мен жеке өзүм баалай албайм, бирок эл ага эбак эле “бул соо эмес” деген аныктама берип койгон” – деп билдирген Нариман Түлеев.

Ошондой эле Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевди спирт ичимдиктеринин айынан акылдан адашып калганынын кошумчалады.

“Бул тууралуу жазбай эле коюуну ойлогом, бирок азыр айтууга туура келди.  Ооба, биз Атамбаев экөөбүз жолдо баратып көп нерселер тууралуу сүйлөшкөнбүз, бирок ал көп ичип алганынан эмне деп сүйлөп жатканын өзү билбей калган. Стюардесса Атамбаевдин орундугу менен учактын кухнясынын ортосунда чуркап эле жүрдү. “Аэрофлоттон ” сурап көрсөңөр,  алар 22-октябрь күнү учкан Бишкек-Москва каттамынын 1881-рейсинин 1F жүргүнчүсү канча ичкендигин айтып беришет.

Медицинада алкоголдук көз карандылыктын бир нече көрсөткүчтөрү бар. Алардын негизгилери дал ошол акыл эстен адашуу жана жалгыздыкта ичүү болуп саналат. Мен ичпеген адам экенимди көпчүлүк билет, ал эми анын ичкендигин мен жада калса анын өзүнүн менчик телеканалындагы дебаттардан да эске салып берем. Мен Атамбаевге “цивилилдүү адамдар” сыяктуу телевидениеден жолугууну сунуштайм, ошондо мен ал канча ичкенин, учурдагы президент жөнүндө эмне деген жаман сөздөрдү айтканын, алтургай Путинди эмне деп жамандаганын эсине сала алам.

Акырында айткым келет, ал азыр Жээнбековду урушуп жатканы эч нерсени өзгөртпөйт, анткени учурдагы президент Атамбаевге караганда элдин кызыкчылыгын ойлоп, элдин сый-урматына татый алды.

https://www.facebook.com/nariman.tuleev/posts/1946187788804797

Булак:KyrgyzToday

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: