Кытайдын Бишкектеги консулдук бөлүмү кыргыз жарандарына жеке туристтик виза берүунү жандантты. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы маалда Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги «Б» категориясындагы визаларды берүүдө. Кабыл алуу бөлүмүнө элчиликтин сайты аркылуу алдын ала жазылса болот. Ал жерде жарандарга керек болгон документтердин тизмеси дагы жайгаштырылган.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын башында Кытай элчилиги жеке туристтик виза берүүнү токтоткон. Виза беш кишиден жогору турган топко гана берилчү.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ