Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаевдин кечээги айтканы боюнча Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн ичинен жалгыз Атамбаев “периште” болуп, калганы бүтүндөй “карга”, “кузгун” болуп атпайбы”

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-декабрда Атамбаев өзүн аппакай кылууга, өзүнөн башканын баарын мокочо кылып көрсөтүүгө жандалбас кылып жатпайбы… Уят эле… Кимди алдайм деп, ким ишенет деп айтып жатат, билбейм…

Ал эми “сатып кетүү, кыянаттык кылуу, жүзүкаралык…” сыяктуу адамды айбан кыла турган сыпаттамалар тууралуу сөз кылсак, анда Атамбаевдин башка бирөөлөрдү “Кудайга койдум” деп айтууга эч акысы жок деп так кесе эле айтууга болот… Анткени, азыр арт жакты карай сереп салсак өзүнун жолу жалаң саткынчылык, кыянаттык, жүзүкаралык, эки жүздүүлүк менен сомдолгонун көрүп турбайбызбы… Учурунда билинбеген, учурунда көрүнбөгөн, жөн эле кокусунан болгон сымал окуялар азыр бири-бирин шарттап, бири бирин улаган чынжырдай болуп тизмектелип калышпадыбы… Көп нерсе түшүнүктүү болуп калды.

Убактылуу Өкмөт жөнүндө азыр сөз кылбай эле турайын, анын 14 мүчөсүнүн ичинен жалгыз Атамбаев “периште” болуп, калганы бүтүндөй “карга, кузгун” болуп атпайбы кечээги айтканы боюнча. Мейли дейли…”мокочо” болуп тура туралы, мындан ары дагы учуру келгенде айтылчу сөз көп бул темада.

“Ким кимди сатты, ким кимге кыянаттык кылды?” – деген суроого жооп “2010-11-жылдары Атамбаевди бийликке алып келген негизги саясий күчтөр кимдер эле?” – деген суроого жооп менен бир байламтада. Учурда “Атамбаевди бийликке Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү алып келген” – деген пикир кеңири таркаган, ошондон улам кай бир жарандар дембе-дем эле “Убактылуу Өкмөттүн жоопкерчилиги” – деп айта да, жаза да беришет. Ушул суроого так жооп берүү менен кимди-ким сатканын ачык жазуу зарыл болуп калды.

Ооба, Убактылуу Өкмөттүн басымдуу көпчүлүгү Атамбаевди колдогон, сүрөөнчү болгон. Бирок, 2010-жылдын декабрь айына карата Убактылуу Өкмөт бийликтен толук кеткен болчу, шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттик бийлик толугу менен “Ата-Журт”, “Республика”, СДПК, “Ар – Намыс” жана “Ата-Мекен” партияларына өткөн, ушул 5 партия Жогорку Кеңешке өтүшкөн. Мына ошол учурда СДПК коалиция түзө албай калып, “Республика” партиясы 3 фракциядан турган башкаруучу коалицияны түзгөн, ага “Республика” – “Ата-Журт” – СДПК фракциялары киришкен. Мына ошентип бийлик ушул 3 партиянын колунда болуп калган. Мына ушул үч партия, алардын лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров (Ата-Журт), Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов (Республика) жана Иса Өмүркулов жана башкалар (СДПК) биригишип Алмазбек Атамбаевди адегенде 2010-жылдын декабрь айында Премьер-министр, ал эми 2011-жылдын октябрь айында Президент кылып көтөрүшкөн, негизги саясий күчтөр мына ушулар болушкан. Ошондо Келдибеков спикер, Бабанов биринчи вице-премьер болуп отурушуп, мына эми ушул 3 партия Кыргызстандын тагдырын чечебиз дешип кол алышып, убадалашышкан. Ушул аты аталган саясий лидерлердин тикелей колдоосу болбосо Атамбаев бийликке келе албайт болчу, Президенттикти мындай кой Өкмөт башычылыкка да өтпөйт эле. Эгерде ошондо Бабанов “коалицияны мен түздүм, өкмөттү өзүм башкарам”, – деп койсо Атамбаевдин тагдыры кандай болот эле?

Анан эмне болду?
Аны коомчулук жакшы билет.
2012-жылдын июль айында “төө кыядан өткөн соң” дегендей кылып саясий интригалардын аркасы менен Келдибеков кызматтан кетти, “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарына кылмыш иштери козголуп, четинен камалышты. 2012-жылдын август айында ошондой эле ыкма менен Бабанов кызматтан кетти, “Республика” фракциясына кысым күчөдү, акыры келип 2017-жылы Бабановду камоо аракети жасалды. Ошондой эле СДПК партиясынын лидерлеринин бири Иса Өмүркүловго кылмыш иши козголуп, куугунтукка кабылды, фракциянын белдүү депутаты генерал Исмаил Исаков четке сүрүлдү. Бул окуялар кечээ эле болду да, элдин эсинен чыга элек.

Ошентип, ким саткын, ким жүзүкара, ким кимге кыянаттык кылды? – деген суроого жооп өзүнөн өзү берилип жатпайбы.

Эмилбек Каптагаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: