Menu

ИИМ: КР эмгек сиңирген артистин жана анын жубайын өлтүрүү үчүн атаандашы киллерге $10.000. убада кылып, буйрутма берген

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-декабрь күнү өткөрүлгөн пресс-конференцияда КР Маданияттын эмгек сиңирген ишмери каршылашы КР эмгек сиңирген артисти менен анын жубайын өлтүрүүгө буйрутма бергендиги айтылган. Маалыматта 2016-жылдын жыйынтыгы менен алынган республиканын эл артисти наамынын жана университетти аяктагандыгы тууралуу дипломдун жасалмалыгынын ачыкталгандыгынын тегерегинде чыр-чатак чыккан. Андан соң, жогоруда айтылган фактылар бейбаштык иш-аракеттери менен ур-токмокко алууга, андан сырткары адам өлтүрүүгө “буйрутма” берүүгө алып келгендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги маалымдайт, Ленин РИИБдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө 2018-жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде А. Б. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш иши болгон. Азыркы учурда документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери иликтеп жатат.
Нурканбек Турсунбаев аттуу жаранды сабоо фактысы боюнча 2018-жылдын ноябрь айында Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан А.Б. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат.
Андан сырткары, 2018-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине 1965-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран кайрылып, адам өлтүрүүгө буйрутма берилгендиги көрсөткөн.
Ички иштер органдары тарабынан алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган А.А. аттуу негизги күбө суралган. Анын көрсөтмөсү боюнча ага эки жаран кайрылып, эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 000 АКШ долларын сунуштаган. Ошондой эле, алгачкы акысы катары 1000 АКШ долларын беришкен. Кийинчерээк буйрутманы аткаруучу Нурканбек Турсунбаевдин жубайы менен жолугуп, өлтүрүүгө буйрутма берилгендигин айтып берген.
2018-жылдын октябрь айында аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренесинин (адам өлтүрүүгө даярдануу) негизинде кылмыш ишин козгогон.
А.А. аттуу жаран башында тергөө менен кызматташып, кийинчерээк изин жашырып кеткен. 2018-жылдын ноябрь айында жогоруда аты аталган жаран издөөгө алынган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бардык иликтенип жаткан кылмыш иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: