Menu

Стенограмма – Экс-президент Алмазбек Атамбаев: “Элдин деле бара-бара көзү ачылып жатат. Бара-бара ого бетер ачылат”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кечээ, 10-декабрь күнү түнү «Апрель» телеканалына кыргыз тилинде берген маеги бүгүн коомчулукта катуу талкууга түштү. Саясатташкан коомчулукту өзгөчө козуткан ал маектин стенограммасын КСДП партиясынын басма сөз кызматы таратты. Биз аны эч бир өзгөртүүсүз, толук бойдон жарыялап жатабыз.

 

– Саламатсызбы, Алмазбек Шаршенович!

– Саламатсыңарбы!

– Кандай гана суроолор болбосун так жана даана жооп берем деп убадаңызды бердиңиз. Курч суроолор менде көп. Анын баарын бирден, шашпай берейин. Сиз президенттик кызматтан кеткенден бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал он эки айда кандай гана окуялар болгон жок. Айрым жакын деген тарапташтарыңыз сизге артын салып басып кетишти, каралоо кампаниясы күчөдү, өлкө башчысына таандык мурасты да тебелеп-тепсеп, аны жок кылабыз дегендер бар. Өткөн бир жылга өзүңүз кандай баа берет элеңиз?

– Туура айтасың. Жакын деп санаган адамдар басып кеткен жок, сатып кетти деп айтат элем. Каралоо кампаниясы да өзгөчө болду. Мен мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиев заманында да көргөн эмес элем. Менден калган мурасты жок кылгысы бар деп айттың. Чындыгында, аны жок кыла албайт го. Анткени, бир топ курулуштар, долбоорлор ишке ашкан, ал баары бир калат. Жыл албетте оор болду. Өзүң айткандай, мени жок кылууга, жоготууга да аракеттер болду. Бирок ачык айтсам, мындайларды көргөм. Каралоо, ушак эле көбүрөөк болбосо, калганынын баарын көргөм. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да мени жоготобуз, кетиребиз деп бир топ аракет кылышкан. Бирок мен дагы деле Кыргызстандамын. Акаев менен Бакиев кайда экенин өзүңөр билесиңер. Кудай бар. Бир жагынан алсак, албетте, өтө оор жыл. Экинчи жагынан алсак, мен Кудайга шүгүр деп жатам. Анткени, Кудай мага атайлап, ал-күчүм бар кезде чындыкты көрсөтүп жатат. Менин катачылыктарымды, кимдин ким экенин көрсөтүп жатат. Кыргызда сөз бар: «Жамандыкты амандык жеңет» деген. Кандай болсо да турмуш өз жолу менен кетип жатат. Менин айтайын дегеним, мени эч ким коркута албайт, мени эч ким сындыра албайт. Мен Кудайдан гана корком. Кудайга шүгүр, тескерисинче бул жылы көп жакшылык да болду. Кээ бир дос деген адамдардын ыпыластыгын көрсөм, ошол эле убакта бир топ адамдардын, өзгөчө карапайым адамдардын бийиктигин көрүп жатам. Кудай үй-бүлөмө да жакшылык берип жатат. Быйыл дагы бир неберелүү болдум. Кызым Алия кыздуу болду. Кудайга шүгүр. Кудай ар бир нерсени бекеринен кылбайт. Мүмкүн, Кудай мага: «Ээй Алмаз, көзүңдү ач, мунун баарын көрүп ал, өзүңдүн каталарыңды өзүң оңдо» деп жатабы деген ойлор келет.

– Ар бир адам «муну башкача кылсам болмок экен, тигини мындай кылсам болмок экен» деп өкүнөт эмеспи. Сиз кайсыл кылган ишиңизге эң көп өкүнөсүз?

– Албетте, мен да адаммын, мен да пендемин, мен да адашам. Мүмкүн, мен башкалардан көбүрөөк адашам. Өзгөчө ушул кадр жагынан, адам жагынан, дос жагынан көп адашат экенмин. Адамдын ичин көрө албайт экенмин. Кыргыздын макалы бар: «Жыландын аласы тышында, адамдын аласы – ичинде», – деген. Көп ката кылдым, көп адаштым. Бирок бир нерсе айтат элем, мен кандай кылсам да, эмне кылсам да, президент катары элим-жерим деп иштеп жаттым. 2011-жылдан баштап 2017-жылдын аягына чейин президент болуп иштедим. Ушакчылар, душмандар канчалык кыйкырса дагы, элдин турмушу ушул жылдар арасында кыйла эле оңолду. Шаарларды алсак, ошол эле Бишкектин ичинде машинанын саны 6-7 эсе көбөйүп кетиптир. Ош, Жалал-Абад, Талас болобу, Баткен болобу, Нарын болобу, Ысык-Көл болобу, бардык жерде элдин турмушу жаманбы-жакшыбы оңолуп калды. Элдин жарыгы бар, газы бар, жолдорун жаманбы-жакшыбы оңдоп кеттим. Бир топ жакшылыктар да болду.

Менимче, кыргыздын духун да ойготуп кеттим. Көчмөндөр оюнун өткөргөнгө чейин кыргызмын деп мактанган эл азыраак болчу. Азыр биздин жарандар кадимкидей кыргызмын деп, башын бийик көтөрүп калган.

Азыр мага өз айылымдан баштап, Баткен, Жалал-Абад, Көл, Таласка чейин бир топ региондордон адамдар келип жатат. Алардын эң негизги нааразычылыгы: «Сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат. Өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат. Бизге мындай кордук кылып жатат» деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, абдан кайгырып жатам, өкүнүп жатам. Эң чоң адашканым ушул окшойт — президенттик шайлоо. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм. Буюрса, мезгил бардыгын өз ордуна коёт.

– Биз азыр сиздин жаңы үйүңүздө отурабыз. Мына ушул аябагандай кооз, заңгыраган тамды кайсы акчасына салды дегендер да бар. Жадагалса, Ала-Тоо аянтындагы кызыл гранит таштарды уурдап келип, Кой-Таштын алдына жыйып алыптыр дегендер да бар. Буга эмне дейсиз? «Апрель» телеканалына интервью бергенден кийин сиздин байлыгыңызга кызыккандар арбыды. Буларга эмне деп жооп берет элеңиз?

– Үй, байлык маселесин көтөрүп жатканы – менин угушумча, азыркы бийлик коңшу өлкөлөрдөн политтехнологдорду алып келиптир. Албетте, ар бир адамда караңгы сезимдер болот. Көпчүлүк адамдарда караңгы сезимдер ойгонбойт. Булар ошол көрө албастык, ичи тардык, саткынчылык сыяктуу караңгы сезимдерди ойготууга максат коюп жатышат. Убагында Максим Бакиев ошондой болчу, азыркылар да ушул жол менен баратат. Кээ бир адамдар тилекке каршы, ишенип жатат. Анткени, бийлик күнү-түнү шыбап жатса, КТРден, ЭлТРден көрүп жатса, болбой эле көргөн-укканына ишенет экен. Чындыгында, менин байлыгымды текшеребиз деп жакында «Азаттыктын» журналисттери Түркия, Измирге чейин, Эге деңизине чейин барып келишти. Эми мен убагында өзүмдүн эмгегим менен бай болгом. Бишкекте бир канча килтейген завод меники болчу. Майда-чүйдө ишканаларды айтпай эле коёюн. Ресторандан баштап, чачтарачканама чейин бар болчу. Чет элде да ишканаларым бар болчу. Мисал катары «Апрель» телеканалына бирөөнү айткам: Түркиядагы «Гүлжанлар» ишканасы. Ошону барып карап келишти. Ошондо деле айткам, керек болсо 2002-жылы алган накталай акчам сомго которгондо 1 миллиард 900 миллион сомго жакын накта акча болгон. Кээде андан азыраак да алчумун. Жыл жылга төп келишпейт да. 1989-жылдан баштап, 2005-жылдын сентябрына чейин бизнес менен алектенген адам ошончо жыл иштеп, тапкан акчасына өзүнө үй салса күнөө болуп эсептелеби? Мени текшергенден көрө өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, миллиондогон акчага үй салып, миллиондогон акчаларга тойлорду өткөрүп, миллион турган жиптерди минген адамдарды текшеришпейби? Менимче, ошолорду текшерсе башкача болмок.

Элдин көзүн такыр эле сокур кылгысы бар. Адал, өз эмгегиң менен тапкан акча менен уурдалган акчанын айырмасын жок кылып көргөзгүсү бар. Ошол эле, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, анан мультимиллионер болгон Келдибеков, Түлеевдер «Атамбаевди камаш керек» деп кыйкырып жатпайбы!.. Кимди камаш керек?! Мамлекеттен уурдап, миллионер болгондордубу? Мамлекеттен уурдаган акчасын ары-бери чачкандардыбы? Же өз эмгеги менен акча таап, өзүнүн ата-бабасынын конушуна үй салгандардыбы? Азыркы бийлик ошол уурулар, ушакчылар менен төп келишип калыптыр. Колдогону да ошолор болуп жатпайбы, таң калдырат албетте.

– Жакында «Азаттык» радиосу журналисттик иликтөө жасады. Бул боюнча сиз да айтып кеттиңиз. Ошол иликтөөдө Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 млн рублга сиздин тиешеңиз жок экени тууралуу маалыматты таратышты. Бул сөздөргө улуу жазуучубуз Айтматовду аралаштырып келишет. Чыңгыз Төрөкуловичтин бул окуяга кандай тиешеси бар?

– Чыңгыз Төрөкулович абдан ишенчээк адам болчу. Кээ бир ыпылас адамдар — аларды адам деп айтыш кыйын, анын ишээнчектигинен колдонушчу. Ошол эле Жакшылыковго окшогондор Чыңгыз абабызга кирип, мени жамандап, мага душман кылууга бир топ эле аракет кылышкан. Бирок Чыңгыз Төрөкулович кыраакы адам болчу. Ал чындыкты көргөндөн кийин тескерисинче биз абдан жакын болуп калганбыз. 1995-жылы ошол эле Фининспекциянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы чыгып, дагы башка нерселер болгондон кийин башка бир мамиле түзүлгөн. Эсимде, ошол 1995-жылы апам өтүп кетип, күзгө маал ашын бергенбиз. Чыңгыз Төрөкулович өзү келип, куран окутуп, үйүмө да келип турчу. Жеңең Рая менен үйдөн тосчубуз. Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү өтүп кеткенден кийин мүрзөсү бир топко чейин бүтпөй жатты. Эстеликтер коюлбай жатты. Анан мен премьер болгондон кийин тыйын-тыпырын таап, биринчи ирет Бишкекке «Ала-Тоо» аянтына Манас атабыздын эстелигин койдурдум. Анан бетме-бет кылып Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун эстелигин койдурбадымбы. Эстеликти өзүм тандадым. Жакында Сооронбай Жээнбеков Москвадан Айтматовдун эстелигин ачып келди. Чындыгында ал эстеликти да «Бул жер парк экен, москвалыктар келип эс алат, башкача эстелик болсун» деп, мен өзүм тандагам. Манас атабыздын Бишкектеги, Москвадагы эстеликтерин да өзүм тандагам. Анткени, кыргыздар Манас, анан Айтматов деген эки ысымды туу тутуш керек. Мындай ыпылас нерселерге алардын аттарын аралаштырбаш керек. Ушак кеп чындыкка окшоп калат деп айрым акмактар ушундай адамдын да атын ушактарга кошуп жатат, тилекке каршы.

– Жакында Текебаев жөнүндө айткан сөзүңүз аябай талкуу жаратты. Айрым «ата мекенчилер» «Атамбаев Текебаевди каматканын мойнуна алды, өкүнүп жатат. Буга тез арада укук коргоо органдары чара көрүш керек, реакция жасаш керек» деп чыгышты. Буга кандай жооп бересиз?

– Алмамбет орусчаны жакшы түшүнбөй ошентип бакылдап жатат окшойт. Ал жерде «Мыйзам боюнча жаза туура эле колдонулган» деп ачык эле айтылды. Мүмкүн, эмоцияга алдырып, толкунданып айттымбы. Миллион алынганы жөнүндө жанында жүргөн Өмүрбек Абдрахманов жана башкалар бакылдап жүрүшпөйбү. Керек болсо, өз ара сүйлөшкөндө деле баары тең «чын» деп жатышат. Менин айтканымдын мааниси башка болчу. Мен күч органдарына мыйзам боюнча иштегиле деп айтчумун. Мыйзамды бузуп эле, Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар. Ким билет, мүмкүн, күч орган кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле. Бирок мен тескерисинче, «бул бир чети жаза да болот, экинчиден Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар» деп айткам. Дагы бир жолу айтам, Кудай өзү кечирсин деп, мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы – чын.

– ЖЭБ маселесине токтолсок, жылуулук электр борборун реконструкциялоодо анын наркы 2-3 эсеге көп көрсөтүлгөн деп жүрүшөт. Жадагалса, сиздин алдыңкы тарапташыңыз, оң колуңуз, азыр абакта жаткан Сапар Исаков 100 миллион доллар пара алып, сиз менен бөлүшкөн деп да жүрүшөт. Буга сиздин жообуңуз?

– Сөздүн башында жанагы бир ушакка жооп бербей калыптырмын. Үйдүн жанындагы гранит Ала-Тоодон уурдалган деген. Жакында, декабрь-январь айларында Бишкекте абдан чоң мечит ачам. Үйдүн алдындагы гранитке окшогон граниттен ал жакка да кестиргем. Мечиттин алды бүт гранит, албетте, кыйла көп гранит кеткен. Ошондуктан, мындай ыпылас нерселерди тараткандар го саясатчылар, бирок, айрым адамдар да ишенгенине кайгырасың. Мейли эми, «Калптын буту кыска» дегендей, көздөрү ачылат болуш керек.

ТЭЦ боюнча биринчи сандар менен жооп берейин. Бул таблицаны гезиттерге деле чыгаргам, сайттарга деле чыгаргам. Азыр гезит элдин баарына эле барбай калды. Интернет деле бардык жерде бар деп айта албайбыз. Мисалы, Бишкек ТЭЦинин наркы эки эсе жогорулатылган, миллиондор алынган деп жатышпайбы. Энергетиканы алсак, энергетикада ар бир салынган объектинин өздүк наркы бир мегаваттка карата алынат. Бир мегаваттка карата алынган нарктарды алсак, Бишкек ТЭЦинин бир МВт наркы миллион доллар, же 1,28. Эгерде Казакстандын Караганда ТЭЦ-4 дегенди алсак, 2,31. Бизде 1,28 болуп жатат. Аларда мегаваттын баасы биздикинеН эки эсе көп. Ошол эле Казакстанда Семей шаарындагы ТЭЦ-3 тууралуу айта турган болсок, 2,88. Бизде 1,28. Биздикине салыштырмалуу 2,5 эсе кымбат болуп жатат.

Өзбекстанда Туура-Кургандыкы арзан деп айтышат. Туура, аныкы арзан. Биз да таң калып, биринчи сандардан адашып да кетип, анан жакшылап карасак, Туура-Курганда салынып жаткан ТЭЦ жарандарга жылуулук бербейт экен, ысык суу бербейт экен. Ошол себептен арзан. Душанбе ТЭЦин да айтып жатышат. Аны да, Бишкектегини да TBEA салган. Бишкекте 1,28 болсо, Душанбеде 1,32. Бул жакта бир эле этапты көрсөтүп, оюн кылып жатышат. Биринчи этап 349 миллион доллар, экинчи этап 180 миллион доллар. Кошуп туруп, анан кубаттуулугу 400 мегаватт, ошондо 1,32 болот. Бизде 1,28 болсо, Душанбеде 1,32 болуп окшошуп атпайбы. Душанбеде TBEA «бул өтө эле арзан, мындай наркка сала албайбыз» деп соодалашкан окшойт, акчасынан башка Тажикстандын чондору TBEAге эки алтын кен берген. Ал кендердеги алтындын көлөмү 130-160 тоннага чейин дейт. Мындайча айтканда, эки Жерүй. Биздикиндей нарк менен салып, андан тышкары 2 Жерүйдү берип жатат. Ойлосоңор, мен Кыргызстанда төлөнгөн акчанын үстүнө эки Жерүй эмес, жарым Жерүй берсем, мени жеп салышпайбы кыргыздар. Каяктагы 100 миллион доллар? Каяктагы үстүнөн акча? Таң калат экенсиң, анан чын эле Сапар Исаков 100 миллион доллар алса… Мен азыр анын үй-бүлөсүнүн абалын билем. Мына, Сапар иштеп жаткан кезинде деле инимдей көрүп жардам берчүмүн. Азыр деле үй-бүлөсү менен кабарлашып турам. Жакында эле келинчеги Малика келип кетти. Кичине жардам бердим. Акыбалы башка да… Менин душмандарымдын мага каршы бир эле куралы бар, ал — ушак. Ушак, башка бир да куралы жок. Бирок, эртели-кеч чындык чыгат. Балким, ТЭЦ курулуп жатканда кимдир-бирөөлөр уурдагандыр. Бизде кыргыздарда аткаминерлер, чоңдор уурдамайын тура албайт экен. «Шайтандын чоңунан кичинеси» дегендей, кычкач деп, ичинде 10-11 инструменти бар эки комплектини бирөө ала койгон экен, мүмкүн, дагы бир жерден уурдаган. Бирок Сапар Исаковдун эмне күнөөсү бар? Сапар Исаков TBEAнын кызыкчылыгын коргогон деп жатышат. Кытай элчилигинен келген кат бар, ал бүт депутаттарга таратылган. Аны Жээнбеков биринчи кезекте өзү билет. Ошол каттын бир үзүндүсүн окуп берейин. Орусча жазылып, кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчисинен келген. Анткени бул маселеге ошол кеңешчи жооп берет: «Компания “TBEA” утверждена единственным исполнителем данного проекта на уровне Правительства КНР». Кытай өкмөтүнүн деңгээлинде чечилген дейт. Кытай өкмөтү бул долбоорду TBEA жүзөгө ашырат деп бизге кат берип жатса, Сапар Исаков эмес, президент Атамбаев эчтеке кыла албайт да. Акчаны берген, кредитти берген мамлекет «ушундай чечтик» десе.

– Чолпон-Атада ипподром салынды, Бишкекте тарых музейи реконструкциядан өттү. Ушул долбоорлордо дагы эбегейсиз акчалар желген деп келишет. Ушул чынбы?

– Биринчиден, элге дагы бир жолу түшүндүрүп кетейин. Бир топ ушундай долбоорлор — тарых музейи болобу, ипподром болобу, керек болсо, 1916-жылкы Үркүндүн курмандыктарынын мемориалы гранттык акчанын эсебинен салынган. Ал гранттык акчалар бизге келип, бюджетке тапшырылып, андан ары ушундай долбоорлорго, үйлөргө кеткен. Демек, Кыргызстандын элине, Кыргызстандын бюджетине бир тыйын турган жок. Экинчиден, мүмкүн бир проекттен бир прораб бирдеме уурдап алды, же башка бирөө бирдеме уурдап алды. Тапсын да, керек болсо камасын. Бирок долбоорлордо эмне күнөө? Мисалы, Тарых музейи. Тарых музейдин биринчи бөлүгүнүн акчасын түрк бир туугандар бөлүп берген, аларга рахмат. ТИКА аркылуу салгандыктан, Түрк өкмөтү акчаны ТИКАга түздөн-түз өздөрү төлөчү. Анан түрктөр мага учак боюнча, «Себат» боюнча таарынганда акча бергенди токтотуп, калган акчасын мен Орусия президенти Владимир Путинден сурап алгам. Ошентип, Тарых музейи бүтүрүлгөн. Болгондо да Тарых музейинин реконструкциясын Лувр, Эрмитажды жасаган фирма жасаган. Дүйнөдөгү эң атактуу фирма жасаган. Эмнеге кыргыздардын музейи Лувр, же Эрмитаждан кем болушу керек?

2011-2012-жылы келген чет элдик коноктор мага «Тарых музейиңерге барсак Ленин тосуп алат» деп айтчу. Мен ошондо абдан намыстангам. Ошол кезде Тарых музейине барып көрсөң, кире беришинде эле Ленин турчу, шыбынын баары ошондой эле сүрөттөр, анан тарыхыңар жок окшойт дегенде мен арданчумун. Анткени, бул региондо эң байыркы эл — кыргыздар. Анан Тарых музейибиз кантип ушундай болсун деп, Тайып бейден (Түркиянын президенти Тайип Эрдоган), Путинден суранып жатып, эптеп реконструкциясын бүтүрдүм. Чындыгында эле музей укмуш жасалгаланган. Азыр эми булар музейди ачууну созуп жатышат. Ачса, барганда элди Лениндин ордуна Манас ата тосуп алат. Эми барсак, накта кыргыздын Тарых музейине баргандай болобуз. Манас атабыз тосуп алып, анын сөздөрүн кулагың менен эшитесиң. Акчаны чет элден таап келип, ушундай долбоорлорду бекер жасатып берсем, буларды да шыбатып жатат. Мисалы, сага бирөө келип үй салып берсе, ашканасын салып берсе, жанына бир кафе салып берсе, мүмкүн салып жатканда прораб уурдайт, прорабдын жазасын бергиле. Бирок мен мына кыргыз эли деп акчасын таап салдырып бердим. Азыркылар түшүнбөсө да, кийинки муун рахмат деп айтат, көрөсүң. Анткени, айтып жатпайсыңбы: «Мурасыңызды жок кылганга аракет кылып жатат» деп. Мунун баары калат, Тарых музейи да калат, ипподром да, «Ата-Бейиттеги» мемориалдар да калат. Манас атанын, Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери калат. Алардын деле акчасын мен тапкам. 2010-жылдан баштап акча маселеси менде болчу, ал кезде премьер болчумун. Андан тышкары, бардык жерде бирдеме салдырып кеткем. Акыркы кезде «Таластын театрын салып жатканда Атамбаев берген 45 миллиондон уурдалыптыр» деп чуу чыгып жатат. Мен театр бүтсүн деп акчаны бөлүп бердим, бирөө уурдасын деп бериптирминби. Бирөө уурдаса, камаш керек. Бирок таң каласың, азыркы бийликке. Мен Сооронбай Жээнбековдорду уксам, эчтеке кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен.

Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет. Менин мезгилим болсо, башка болчу: тыйын да жок, свет да, жол да жок. Элде ишенич да жок. Кайра-кайра эле төңкөрүш кылабыз дегендер Ак үйгө секирет. Башка заман болчу. Эми муну деле Кудайга коёлук. Мезгил баардыгын өзү ор-ордуна коёт.

– Быйыл мен чын айтсам көп адамдарга, көп нерселерге таң калдым. Алар позициясын бир сааттын ичинде өзгөртүп салышат экен. Бүгүн бирди айтса, эртең башканы айтып калышат. Сиз дагы быйыл эки жүздүү адамдарга кабылсаңыз керек.

– Мен негизи эки жүздүү адамдарды бир топ эле көргөм. Өзгөчө аткаминерлерде бат эле сатып кетмей бар. Мен муну 2000-жылы көргөм, 2004-2005-жылдары көргөм. 2008-2009-жылдары деле көргөм. Бирок болбой эле кайра эле таң калат экенсиң. Өзгөчө мени таң калтырганы, «Биринчи — Кудай, андан кийин — сиз» деп, 24 жыл жанымда дос болумуш болуп жүргөн адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе, ушундай душманчылык кылып жатса… Менимче, бул деле убактылуу нерсе. Анткени, ошол эле адамдар мага: «Мен сиз кылган жакшылыкты унутсам, Кудай урсун» деп айтчу да. Ошондуктан, Кудай урат го бир күнү баарын, Кудайга эле коёлук.

– Президенттикке талапкерлерди тандоодо Сооронбай Жээнбековго токтолдуңуз эле. Кээ бирөөлөр «Атамбаев “Жээнбеков жоош, аны башкарып алуу оңой” деп үмүттөнгөн» деп жатышат. Ушуга кандай деп жооп берет элеңиз?

– Биздин партия президенттикке талапкер кылып кимди алып чыгабыз дегенде, мен элдин ынтымагы, биримдиги үчүн туштүктөн бир талапкер алып чыгалы деп ойлогом. Түштүктү ойлоп баштаганда, акылыма ушул Сооронбай Жээнбеков менен эле Асылбек Жээнбеков келди. Бир жылдан бери эмнеге адаштым деп ойлонуп жатам, анан эстесем, түштүктөгү кадрлар боюнча толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенчүмүн. Эски досум деп ишенчүмүн. Анан жакшылап ойлонсом, бир да түштүктүн кадры боюнча мага жакшы сөз айтпаптыр. Мен да ишенчүмүн да, ошондуктан, түштүктөн бирөөнү тандайбыз дегенде болгону акылыма Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келиптир. Албетте, бул — менин чоң катам. Бир адамга ишенген, бул — менин күнөөм. Албетте, президент кезимде, андан мурун деле кадр маселесине жакшылап көңүл бурсам болмок экен. Сатты беле, саткан жок беле, кандай жүрөт деп ойлонсом болмок экен. Мага бир топ маалыматтар эми жетип жатат — ошол кездеги маалыматтар. Тилекке каршы жанымдагы ишенген адамдарым дагы мага бир топ маалыматтарды жеткирчү эмес экен.

– Үч жыл мурун Дача СУда учак кулады эле, адамдардын өмүрү кыйылды. Ошол учактын ичиндеги жүк Атамбаевге таандык болчу. Ага таандык болбосо, жубайы Раиса Атамбаевга таандык болчу деп сизди күнөөлөп келишет. Ошол чынбы?

– Бул ушакты ким таратып, ким жайганын сен билесиң. Бул учакта Раиса Атамбаеванын бриллианты, жүгү болгон деп айтып чыгышкан. Бул ушак биздин үй-бүлө үчүн оор болду. Мен ушактарга көнгөм. Жеңең мындайларга көнө элек болчу. Ошол ушак дүңгүрөп жаткан кезде бир депутатыбыз, ачыгын айтканда Текебаев таратып жатканда Рая кадимкидей катуу ооруп калган. Алты ай капельницада уктаган. Жаныңда жаткан өмүрлүк жарың капельницада жатса кыйын экен. Бул ушак, болгондо да эң жаман ушактардын бири. Анткени ошол учакта Атамбаевдин же үй-бүлөсүнүн бир грамм жүгү болсо ушул убакка чейин чыкмак. Учак түрктүкү болчу. Түркия — НАТОнун мүчөсү. Ал кезекте түрктөр мага таарынып жаткан кези болчу. Бир жылдан бери деле, мына азыркы бийлик, ошол эле Жээнбековдор менин үстүмдөн бир нерсе таппай жатат. Бир нерсе болсо чукуп чыкмак. Бирок таң каласың, ошол ушак тараткандардын эч кимиси уялып да койгон жок. Азыркыга чейин өзүнчө каарман болуп жүрүшөт. Ушак деген негизи уят нерсе. Бизде, мусулмандарда хадистерде «Ушак таратуу — өзүңдүн бир тууганыңдын өлгөн денесин жегенге барабар» деп айтылган. Ушундайга баргандар башка ушактарды таратып, дагы эле жүрүшөт. Таң каласың. Эмне дейсиң, буларды деле айла жок Кудайга эле коюп жатабыз.

– Сиз эмоционалдуу президент болдуңуз. Бетке айттыңыз, кээде орой эле сүйлөп салчусуз. Анан сиздин кээ бир саясий оппоненттериңиз: «Атамбаев ушул терс мүнөзү менен башка мамлекеттер менен мамилени бузду, казактар менен урушту, турктөр менен урушту» деп сизди күнөөлөп келишет. Буга кандай жооп бересиз, эмнеге мындай кадамдарга барчу элеңиз?

– Мени Кудай чынында ошондой жаратып коюптур. Болгонун болгондой балп этип айтып коем. Аным бар. Акты ак деп коём, караны кара деп коём. Менде тымпыйып, колтугумда котур ташты алып жүрүү сапаты жок. Болгонун болгондой айтам. Назарбаев, Казакстан боюнча айтсак, билесиң, президенттик шайлоо башталып калган. Ошол кезде коңшубуз президент Назарбаев талапкердин бирин чакырып алып, колдоп жатпайбы ачык эле. Мына азыр ушундай башка бир мамлекеттин колдоосу болгон деп Америкада, Европада кандай чуу-чатактар чыгып жатканын билесиң. Кээ бир адамдарды «муну орус колдогон» деп каматып жатат. Ачык эле бир тараптуу кыргыз элине бир талапкерди таңуулап жатса… Биз — эгемендүү мамлекетпиз. Туура, биз Казакстандай бай эмеспиз. Казакстандай чоң эмеспиз. Бирок, биз — эгемендүү мамлекетпиз да. Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Мен ошондо эле кылганым өзүмө терс таасир этерин билгем. Бирок Кыргызстандын келечеги үчүн, Кыргызстанда мындан ары парламенттик шайлоо болобу, президенттик шайлоо болобу, тыштан бирөө кийлигишпесин деп мындай кадамга баргам. Өкүнбөйм, ачык айтайын. Кыргыздарда деле бир күнү намыс ойгонот. Намыстуу болуш керек. Туура, биз коңшуларга караганда бай эмеспиз. Бирок, биз — эң байыркы элбиз. Намыс дегенди бийик кармаш керек. Намыстуу эл болуп, намысты сакташ керек.

Түркия боюнча алсак, мен бир жаман ой же жаман сөз айткан жокмун. Мен болгонун болгондой айттым. Түрктөр мага эмнеге таарынды? Биринчиден, билесиң ошол кезде түрктөр орустун учагын ракета менен атып түшүргөн. Кийин чоң чуу болгондо, мен бул чоң катачылык болду, туура эмес болду түрк тарабынан деп айттым. Ошондо, мага Атамбаев орустарга болушуп жатат деп катуу таарынышты. Бирок алты ай өтпөй өздөрү туура эмес кылыптырбыз деп, керек болсо, орустардан кечирим сурады. Экинчи таарынычын билесиң. Түрктөрдүн тышкы иштер министри «Себат» мектептеринде террористтерди даярдап жатат, баарын жабыш керек деп бакылдап чыкканынан, мен «Бул биздин мектептер, террористтерди даярдап жатабы, башкаларды даярдап жатабы, өзүбүз тактап билебиз» деп, «Себат» мектептерин жаптырбай койгом. Бирок ошол эле «Себаттын» чоңдору менен сүйлөшүп, атын «Сапат» кылып өзгөртүп, мүлкүнүн 30 пайызын биздин Билим берүү министрлигине алып бердим. Бирок аны да ошол кезде түрктөр «Бул жетиштүү эмес» деп кабыл алган эмес. Бирок быйыл күзүндө келгенде «туура болуптур» деп кабыл албадыбы. Жасаган иш — меники. Ошондуктан эмне дээр элем. Мен өзгөчө ушундай ушактарды урматтуу Тайип Эрдоганга жеткирип, ишендиргенине өкүнөм. Мисалы, «Түркияда көңтөрүлүш болгондо Атамбаев колдогон жок» деп жеткиришти. Түркияда төңкөрүлүш болгондо, эң биринчи «бул туура эмес, Эрдоганды колдойбуз» деп мен айткам. Бишкекте ошондо саат 11 болчу. Түркияда саат 8 болчу. Эч ким колдобой күтүп турганда, биз колдоп чыкканбыз. Ошол кездеги сайттарды көтөрсөк болот.

Менин кайгырып жатканым, мен Тайип бейдин көп жакшылыгын көрдүм, Кыргызстан дагы көрдү. Мен Түрктөр менен мамилени оңдогом. Мага чейин Түрктөргө 50 миллион долларлык насыя үчүн өкүртө пайыздарын төлөчүбүз. Мен премьер, президент болгондон кийин Түркия менен мамилени оңдоп, ошол кредиттерди кечтирбедимби. 50 миллион долларды мен кечтиргем. Ошол эле Тайип бейден Кыргызстан үчүн эки-үч грант алдык. Ошол эле Тарых музейи үчүн, «Ыйман» фонду үчүн. Ушул жерден ачык айтайын, менин өзүмө да жардам берген.

– «Атамбаевге иш козголуп, камалышы керек» деп сиздин кээ бир саясий оппоненттериңиз айтып жатат. Буга кандай карайсыз?

– Бул демилге Сооронбай Жээнбеков менен бир туугандарына таандык, ачыгын айтсак. Мен аны билем. Эми, буга мен эмне дээр элем. Мурун деле мени «кетиребиз, каматабыз, жоготобуз» дегендер болгон. Бирок кыргыздын бир сөзү бар: «Иттин кожоюну болсо, кабыландын Кудайы бар». Ошондуктан баардыгын Кудай чечет.

– 24-ноябрда курултай өттү. Ошол курултайда сиздин эски санаалаштарыңыз, «Атамбаев Жээнбековду иштетпей жатат, анан да курултайга чакырсак коркуп келбей койду» деп сизди күнөөлөп жатышат. Буга кандай дейсиз?

– Биринчиден, коркуп келбей койду деген калп. Анткени, мен коркуп эмес, жийиркенип эле барган жокмун, ачык айтайын. Жалгыз мен эмесмин жийиркенип барбаган, алар көп. Анткени курултайды өткөрүп жаткандар кимдер? Уюштуруу комитеттин төрагасы — Дүйшөбаев. Бул Дүйшөбаевди президент болорум менен иштен айдагам. Анткени Апрель революциясына чейин тамекиге, пирожкиге акча сурап жүргөн Дүйшөбаевдин азыр канча мүлкү бар. Бир тарапта Апрель, июнь окуясында күнөөсүз балдар өлүп жатса, бир тарапта Дүйшөбаевге окшогондор мультимиллионер болбодубу. Эми булардан жийиркениш керек. Булардан алыс туруш керек. Анан туура, жанагы морадерлук, банк ячейкалар жана башкалары чыкканда мен бир топ эски санаалаштардан кол үзгөм. Анткени мен таза адаммын.

Экинчиден, Атамбаев Сооронбай Жээнбековду иштетпей жатат дегендерге айтат элем, Сооронбай Жээнбеков азыр каалаганын кылып жатпайбы. Бир мисал келтирейин, көзгө ак менен карадай көрүнөт. Орус паспорту бар деп Кубанычбек Кулматовду камап салышты. Паспорту жок. Ошол эле орус паспорттун ээси болгон Сарыбашев Оштун мэри болуп отурат. Иштетпей жатат деген бул албетте калп.

– Ошол эле курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров доклад жасап атып, «Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары жагымдуу чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошоду» дейт. Азимбек Бекназаров Жээнбековдун бир жылдык жасаган ишин эң башкы жетишкендиги катары сыпаттады. Буга сиз кандай карайсыз?

– Азимбектер сүйүнүп жатканын мен жазында эле байкагам. Анткени булардын ою орундалды. Булардын ою кандай болчу? Сооронбай менен Атамбаевди чабыштырып коюп, бир балээ болуп кетсе, биз дагы кур калбайбыз деп жатат да. Анткени убагында бир жолу айткам. Азыр деле кайталап коеюн, Азимбектер кузгундарга окшош. Куркулдап бир балээ болуп кетсе экен деп турат. Анткени, бир балээ болуп кетсе, кан төгүлсө, Кудай сактасын… Жамандык болсо, мына Аксы окуясы болобу, 2005-жылкы март революциясы болобу, апрель революциясы болобу элге жаман болот. Азимбек, Дүйшебаевдер пайдасын көрөт, акчасын табат. Ошондуктан чындыгында Сооронбай Жээнбеков мени душман кылып, асылгандан Кыргызстанга эмне пайда? Ынтымак кетип баратат, эл аз-аздан бөлүнүп баратат. А бирок кузгундарга майрам да. Анткени куркулдап: «бир балээ болуп кетсе, биз кайрадан пайда табабыз, кызматка жетишебиз же акча табабыз» дешет. Тилекке каршы, мына булардын оюна Сооронбай Жээнбеков да кирип кетти. Ээрчип кетти. Бул албетте жетишкендик эмес, бул тынч, татынакай жаткан Кыргызстанды кайсыл жакка алып барат? Жөн жерден чатак чыгаруу — бул жакшы эмес. Бизге эң негизги байлык — Кыргызстанга акыркы жылдары тынччылык, ынтымак келген. Эл биригип калган. Ошону сакташ керек болчу.

– Нариман Түлеев боюнча суроо бергим келип жатат. Аны менен Москвага бирге учуптурсуз. Анан Түлеев бирге түшкөн сүрөттү жарыялады. Бирок өкүнүп калды окшойт, актанды, анан артыңыздан ар кандай сөздөрдү сүйлөдү. Буга кандай жооп бересиз?

– Учакка отурасам, аркамда бирөө бакылдап жаткан. Карасам, Түлеев экен. Анан ишаарат кылдым, кел деп. Келип, жаныма отур десем отурду. Бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат армандарын төгүп айтып жатты. Эми, ал айткан сөздөрдү айтсам өзү ыңгайсыз болгону турат. Бир чети аяп да жатам Нариманды. Эмне дээр элем, бирок эми калп айткан жагынан Барон Мюнхаузенден да ашып кетиптир. Аман эле болсун.

– Азыр КСДПны тартып алуу аракеттери көрүлүп жатпайбы. Бул айдан ачык эле көрүнүп калды. Сагынбек Абдрахманов «партияны уурулардан тазалайм, гүлдөтөм, жыргатам» деп жүрөт. Сиздин тарапташтарыңыз ал топту «алсыздаган арстанга чөөлөрдүн асылышы» деп жүрөт. Сиз буга кандай комментарий бересиз, кырдаалга кандай ойдосуз?

– Буларды чөөлөргө тарапташтарым салыштырган жок, бул — калыс айтылган сөз. Бул калыс сөздү Адахан Мадумаров айткан. Бирок накта айтыптыр да. Анткени, булар чындап эле карасам чөөлөрдүн эле өзү. Болгондо да, кутурган чөөлөр. Кечээ күнү башка партияда жүргөн Данияр Тербишалиев жүрөт, партиядан айдалган Сагынбек жүрөт. Булар биздин партияга асылбай эле «Кыргызстан кутурган чөөлөр» партиясын ачып алса туура болмок. Биз билебиз, мына мамлекеттик органдар, УКМК баш болуп жардам берип жатышат. Бирок бир нерсеге таң калам, макул, мени душман кылып жок кылайын деп жатсаңар, Жээнбековдор, КСДПнын аркасы менен көгөргөнсүңөр да?!! КСДПнын арты менен Асылбек Жээнбеков үч жолу депутат болгон, эки жолу спикер болгон. КСДПнын арты менен Сооронбай Жээнбеков президенттикке чыккан. Президент да болду. Негизи булар Кудайдан такыр коркпойт экен. Бирок Кудай бар, күтүп туралы. Бул чөөлөр үчүн деле уят менен бүтөт. Анткени саткындар, ушакчылар, чөөлөр Кыргызстандын тарыхында далай болгон. Андайлар тарыхта кара тамгалар менен калат. Кыргыздар башка эл, саткындарга, чөөлөргө убактылуу алданат.

– Азыркы коррупция менен болгон күрөшкө сиз кандай баа бересиз? Себеби 2012-жылы коррупция менен күрөшөм деп сиз да өз ишиңизди баштадыңыз эле. Сиз коррупция менен күрөштүңүзбү же күрөш азыр башталып жатабы?

– Мен эки эле мисал келтирейин. Мен күрөштү баштаганда, бюджет абдан тартыш болчу, мамлекеттин киреше бөлүгүнүн көбүн бажы берет. Ошондуктан 2010-жылдын жайында бажыга Кубанычбек Кулматовду алып баргам. Кулматов үч жылдын ичинде кирешени үч эсеге көбөйткөн. Бул — бир мисал. Экинчи мисал, өткөн жылы дээрлик декабрга чейин мен президент болдум, мен дайындаган күч орган кызматкерлери жыл аягына чейин иштеди. Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында бюджетке 8,5 миллиард сом өткөрүлгөн. Эми азыр 11 ай өттү. Өкмөттүн атайын депозиттик эсебине жылдын башынан тартып, 6-декабрга чейин 701 миллион сом түшүптүр. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 11 айда 3 млрд 251 млн сом кайтарып бериптир. Муну кошсок 3 млрд 953 млн сом болуп жатат. Макул, 4 млрд дейли. Өткөн жылы бакылдабай-сакылдабай эле Атамбаевдин командасы 8,5 млрд сом өткөрүп берген. Бирок булар элди алдап жатат, булар бакылдаса, эл да ишенип жатат. Бирок 8,5 млрд сом Атамбаевдин командасыныкы жана 11 айда 4 млрд, макул 12 айда 4,5 болсун, эки эсе азайып жатпайбы. Цифраларды алсак, жыйынтык ушундай. Чындыгында коррупция менен күрөшүү эки эсе азайып жатпайбы. Анткени азыркы бийлик, ошол эле Асылбек Жээнбековду тойлордо ким менен жүргөнүн көрүп жатабыз — Раим миллион, Акмат Келдибеков жана башкалар. Булар коррупция менен күрөшүп жатабыз деп коюп, тескерисинче коррупционерлерди бажыга, салык кызматына, баардык органдарга алып келип жатат. Керек болсо УКМКда дагы ошондой абал деп угуп жатам. Ошондуктан бул эч кандай коррупция менен күрөшүү эмес. Бул — көз боёмочулук, элди алдоо. Ошондуктан азыр бюджет дагы тартыш болуп жатат.

– Жакында Жээнбековдун шайлоо компаниясынын кара бухгалтериясынын кагаздары элге тарап кетти. Сиз да аны чын деп айттыңыз, тарапташтарыңыз да чын деп айтты. Адахан Мадумаров да ишенерин айтты. Бир маселени — ушул маалыматтар Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүнө чоң доо кетирет деп белгилеп өттү. Ушуга кандай дейсиз?

– Чындыгында Адахан туура айтып жатат. Мен Кылмыш-жаза кодексинин бир статьясын окуп берейин. 140-статья, 2-берене: Талапкердин шайлоо фондунун финансылык, материалдык колдоо каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу — эсептик көрсөткүчүнөн 10 миң — 20 миң өлчөмүнө чейин айып салуу, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө, белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылдык мөөнөткө ажыратууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.

Эми фонддон эки миллион доллар көрсөткөнү менен бул калп экенин баарыбыз эле билип жатабыз. Кылмыш-жаза кодексинде ачык жазылып жатат, талапкер фондуна көрсөткөн өлчөмүнөн тышкары акча жумшаса, президенттик эмес, жөнөкөй мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратылат. Беш жылга. Андан тышкары, керек болсо сот чечсе үч жылга чейин камалат. Ошондуктан Адахан Мадумаровдун айткан сөзү бул — ачуу чындык.

– Президенттик шайлоодо экинчи орунду Өмүрбек Бабанов алды эле, азбы-көппү 500 миңден ашык добуш топтогонго жетишти. Бирок шайлоодон кийин ага иш козголду. Ал Орусияга качканга мажбур болду. Буга кандай карайсыз?

– Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айтылган сөзү бир топ кыргыздардын ачуусун келтирди, ачык айтканда. Бирок эгерде эмоциясы жок карасак, биринчи экспертиза менен эки улутту бөлүүгө чакырык жасоо деп козголгон. Бирок андан кийинки экспертизаларда эксперттер «андай болгон эмес, бул чындыгында эмоция менен айтылган сөз» деп чыгышкан. Бабанов муну иши менен көрсөттү. Эки элди кайраштырып, Кыргызстанда ынтымакка доо кетирүү максаты болсо, шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. Ал Кыргызстандын ынтымагы ал үчүн ыйык нерсе экенин иш жүзүндө көрсөттү. Керек болсо ынтымак үчүн саясаттан да кетем деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди. Анан ага дагы бир иш козголгон. Канат Исаев боюнча акча алган, акча тараткан, тополоң уюштурабыз деген аракети болгон деп иш козголуп, ал жерде Бабановдун да изи бар дегенсип айтылган. Бирок ал Канат Исаевдин ишинде Бабановдун эч кандай изи чыккан жок. Мүмкүн Канат Исаев өзү ээн баштык кылганбы. Азыр Канат Исаев парламентте жүрөт. Азыркы бийликтин ага азыр дооматы деле жок окшойт. Мен мунун баарын декабрда эле көргөм. Ошондо жаңы президент Сооронбай Жээнбековго «Бабанов момундай кадамдарга барып жатат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек» деп айткам. Ал киши да макул болгон. Керек болсо президент болбосом дагы бир-эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевди чакырып: «Ушундай сөз болбоду беле, Бабановдун иши жабылышы керек эле го, эмне болуп жатат?» деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев да келген. Ал экспертизалардын жыйынтыгы чыкты, Канат Исаев боюнча иште Бабановдун тиешеси жок, бул кандай деп сурады. Казакбаевдин көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалдым. Ага сөз болбоду беле, экспертизалар деле чыгыптыр, Бабановдун тиешеси жок экен иш жабылышы керек эле да деп айттым. Ал киши «байке, кичине созулуп жатат», деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алуусун сурандым. Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам.

– Ачыгын айтканда элдин баары эле өлкөдө тынчтык, ынтымак болсо деп тилеп келет. Сооронбай Жээнбеков экөөңөр элдешсеңер болбойбу?

– Бул чыр-чатак эч кимге кереги жок болчу. Ачыгын эле айтайын, улуу болгонум менен уялбай эле жыл башынан бери бир топ кишини ортого салдым. Айтпайт элем, Фарид Ниязов өзүнүн интервьюсунда айтпадыбы, ал өзү да президенттин аппаратындагы жакын адамына сүйлөшүп, өзү да барган. Андан кийин эки-үч депутат кирген. Жээнбековдор — Сооронбай, Асылбек, Жусуптар муну башкача, Атамбаев коркуп жатат деп түшүнүптүр. Жок кылыш керек, тепселеш керек дешкен го. Бир жыл жакшы эле чыдадым. Анын ортосунда эмнелер болгонун айтпай эле коёюн. Каралоодон башка, менин үй-бүлөмө тиешелүү бир топ жаман нерселер болду.

Элдешүү деген сөздүн өзү эски эл деген сөздөн чыгат да. Эски кыргыздар эл деп колдун ушул бөлүгүн айтчу. Орусча — кисть. Ошондуктан элчи, элдештик деп айтылат. Кыргыздардын сөздөрүндө эли деген жылкы сойгондо эле, бир эли, эки эли деп айтылып калды. Элдешүү бир тараптан болбойт. Элдешиш үчүн эки адам бири-биринин элин кысыш керек. Ошол үчүн Кудайдын алдында мен акмын. Ноябрдын аягына чейин бардык нерсени көтөрдүм. Өзүм улуу болсом да, кайра-кайра киши жөнөтүп жаттым. Улуу башты кичүү кылып, элдешелик-жарашалык, мунун эч кимге кереги жок дедим. Чыр чыгарып, ынтымакты кетирип эмне пайда табат, түшүнбөй жатам. Булар пайда тапса дагы, кыргыз эли, өлкөбүз пайда таппайт. Аягы жаман бүтөт окшойт. Кудай сактасын.

– Эгер мезгилди артка кайтарууга мүмкүнчүлүк болсо жогорудагы чуу чыгарган Датка-Кемин болобу, Бишкек ЖЭБ болобу, Түндүк — Түштүк альтернативдик жол болобу, ушундай долбоорлорду ишке ашырат белеңиз?

– Сурооң абдан кызык болду. Ачык айтайын, кайрадан эле ушул долбоордун баарын жасамакмын. Анткени натыйжада бул долбоорлор эл үчүн жасалды, эл үчүн иштеп жатат. Мезгил өтөт, мен ал мезгилди көрөмбү-жокпу, бирок ошол эле Тарых музейине барышса, Манас атабыз тосуп алат. Ошол эле Датка-Кемин бар болгону үчүн ар бир үйдө жарык күйүп атат. Ошол эле альтернативдүү жол курулса, Жалал-Абаддан бир сааттык жол болуп калат. Ошондуктан эгерде кайрадан 11-жыл келип калса, кайрадан президент болсом, ушул эле долбоорлорду жасайт элем. Анткени мен долбоорлорду өзүм үчүн эмес, элим үчүн жасагам, элге иштеп берсин деп жасагам. Бул күндөр да өтөт.

Элди алдаса болот, бирок көпкө алдай албайсың. Элдин деле бара-бара көзү ачылып жатат. Барган сайын ого бетер ачылат. Бул тарыхта кала турган нерселер. Мен ушул долбоорлорду баштаганыма өкүнбөйм. Тескерисинче сыймыктанам. Жакында эле министрдин орун басарын пара алып жаткан жеринен кармабадыбы. ТүндүкТүштүк жолунун бир участкасы үчүн ала коюптур. Андайларды камаш керек. Бирок жолдор, көпүрөлөр, музейлер, мемориалдар, театрлар, ооруканалар, жүздөгөн мектептер салынды. Алардын баары элибизге калат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: