Menu

Видео – УКМК экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банк кутучасында сактаган $889 миң долларын алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 11-декабрда тараткан видеотасмада экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин Бишкектеги коммерциялык банктардын бириндеги кутучада сактаган, мыйзамсыз табылып, киреше декларациясында көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 АКШ доллары мамлекетке алынгандыгы көрсөтүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев Алмаз Атамбаевдин режими учурунда, 2011-2017-жылдарда министр, вице-премьер болуп иштеген. Тоо кен байлыктарын казып алууга бизнесмендерге лицензияларды берген. 7-декабрь күнү үйүн тинтүү учурунда 3 млн сом, 100 миң доллар табылып, КР кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча өзү камакка алынган.

Видеотасмада айтылгандай, Дүйшөнбек Зилалиевдин банк кутучаларда сакталган акчалары август айында алынган экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: