Menu

Квартираларын, тамын, 23 млн. рубль акчасын муктаждарга тартуулаган “кайырчы” миллионер талкууда

Бөлүшүү:

Бүгүн кыргыз “фейсбукчулары” орусиялык бизнесмен, миллионер Александр Росляковдун мындан бир жыл мурдагы көнүмүшкө жат кылыгын эми талкуулай башташты. Ал тууралуу маалыматты “Фейсбуктагы” баракчасына Каныбек Бакир уулу жарыялаган.

А.Росляков чөнтөгүнө тыйын акча салбай, атайылап начар кийинип, тышкы  кебетесин өзгөртүп, Владимир шаарында беш күн бою кайырчылык кылып, үй-жайы жок тентимиштин турмушун баштан кечиргенден кийин жасаган иши менен белгилүү болгон.

Анткени, миллионердин бул экспериментинин аягы владимирликтер үчүн өтө кайырлуу болуп чыгат. А.Росляков бей-бечаралардын жашоосун жон териси менен сезгенден кийин алардын турмушун жеңилдетүү максатында кайрымдуулук акциясын баштайт. Атап айтканда, шаардагы 3 квартирасын  муктаж адамдарга белек катары тартуулап, ал эми “хан сарайын” үй-жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайга айландырган. Андан тышкары, өзү муктаж деп эсептеген адамдардын ар бирине 1 миллион сомдон бөлүп берип, бул үчүн 23 миллион рубль акчасын короткон.

Эскерте кетсек, Александр Росляков 1970-жылы Молдавияда туулган. Учурда офиси Петербург шаарында жайгашып, деңиз жүктөрүн ташуу ишмердигин жүргүзгөн “Онего-Шиппинг” компаниясынын ээси.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: