Menu

Кыргыздар Кыргызстандан индеецтердей тукум курут болуп кетеби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламент жыйынында Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк туристтер жакында өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билдирип, мындай деди: “- Чет өлкөлүктөр кыргыз кыздарга үйлөнүп, Кыргызстан жарандыгын алышууда. Бул чоң көйгөй. Эгер биз бул маселеге көңүл бурбасак, кийинки 20 жылда улуттук коопсуздук тармагында чоң көйгөй жаралат. Ош облусунун Кара-Суу базарында, Бишкектин “Дордой” жана “Мадина” базарларында чет өлкөлүк жарандар иштейт. Алар биздин жарандар менен атаандашып, бизнестен сүрүп чыгарууга аракет жасашууда. Элдин колундагы каражат чет өлкөгө чыгарылып кетүүдө. Кыргызстан жакында башка мамлекеттин провинциясы болуп калышы мүмкүн”.

Депутат бул маселени чечүү үчүн Кыргызстанда иштөөнү 1 каалаган чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик банктарга 50-70 миң доллар салышы керек деген сунушун айтты. Акча алар ишмердүүлүгүн аяктаганда кайтарылып берилет.Икрамов ИИМ,  ТИМ жана УКМКдан 45 күндүн ичинде өлкөдө канча чет өлкөлүк 1 жаран иштей турганын аныктоону да талап кылды. Өлкөдө расмий түрдө чет өлкөлүк жарандарга жыл сайын 16-17 миң иш квотасы берилет. Алардын 70% Кытай жарандары алат.

Тазабек Икрамовдун бул сөзүн тиешелүү органдар гана эмес, ошол кытайлар менен түрктөргө тийип аткан келин, кыздарыбыз да олуттуу кабыл алып, туура жыйынтык чыгарышыбыз керек. Антпесек, кыргыздар бир кезде Американын түпкүлүктүү калкы болгон индеецтердей жоголуп, азайып, тукум курут боло турган деңгээлге жетип калдык…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: