Menu

Жусубалиев 520 миң доллар “параны” шефтери менен бөлүшмөкпү?

Бөлүшүү:

5-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармабады беле. Ал Жумгал тараптагы бир жолду куруу тендерине катышкан италиялык компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн жалпысынан 520 миң доллар пара алууга макулдашкан экен. Буга чейин бул сумманын 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек болгон. Бирок аталган министрликтин жетекчиси Жамшитбек Калилов “… өзүм да таң калып отурам”,- деп оозун куу чөп менен аарчыгысы келүүдө. Баарынан кызыгы, А.Жусубалиев министрдин орун басары болгонго чейин өкмөттө иштеп, акыркы кезде траспорт министрлигиндеги коррупцияга каршы күрөшүүчү комиссиянын жетекчиси экен. Бул даана эле карышкырга кой кайтарткандык эмеспи? Ушундай коррупцияга белчесинен баткан тармакты жетектеген министр Ж.Калиловдун отставкага кетүүсүн, мындан ары иштөөгө моралдык укугу жоктугун коомчулук талап кылууда.

Бирок ал бир эле министрин эмес, премьер-министрди да “ала жатат” окшойт. Анткени А.Жусубалиев Сапар Исаковдун өкмөтүндө кызматка келсе да азыркы өкмөттүн жоопкерчилигин кароо зарылдыгы көтөрүлүүдө. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу билдирди. Азыркы депутаттар мындай олуттуу маселени популизм же эриккенден эле айта бербейт эмеспи. Демек, шамал Ак үйдүн 7-кабатынан согуп жатат окшойт. Себеби ал учурдагы өкмөттүн курамында иштеп жаткандыгы жүйө келтирилүүдө. Сыягы, кыш өтүп, элдин бийликке болгон нааразычылыгы туу чокусуна жеткен жазда жарытылуу иштей албай аткан М.Абылгазиев командасы менен кошо отставкага кетери чын окшойт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: