Menu

Узарбек уйкусурабай качан иштейт?

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусун жетектеп, анан ротация болуп Ош облусунун жетекчиси болуп барган Узар Жылкыбаев эмне иш кылып жатканын билген жан жок. Чээнге киргендей ың-жың. Ошко барганына курсант болуп, палоо жеп эле жатабы, айтор баланча ишти бүтүрүп, түкүнчө ишти жасап жатыптыр дегенден кабар угулбайт. Демилге, сунуш көтөрүп койсо да сүйүнөт элек. Такыр эле, төшөк салып жатып алганбы, кыскасы, бары-жогу билинбейт. Ага караганда диплому күмөндүү, Россиянын жараны экен деген шек туудуруп жаткан Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев эл көзүнө болсо да таң эрте Ош шаарын кыдырып, иштеп жаткан түр көрсөтүүдө. Жылкыбаев жада калса иштеп жаткандай түрк көрсөткөнгө чамасы жетпей шалдырап отурат. Эртең Жылкыбаев Ошко уктап келип, уктап кетти деген сөзгө калбаш үчүн, бир аз да болсо кыймылдап койсо болмок. Тилекке каршы, дарамет деңгээли чектелүү, ортозаар жетекчиден майнап чыкпайт тура. “Мойнунан байланган ит ууга жарабайт” деп элибиз бекеринен айтпаса керек.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: