8-декабрда Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринде азык-түлүк уурдаган жаранга чара көрүүнү өтүнүп, дүкөндүн администратору Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Уурдалган азык-түлүктүн жалпы суммасы 40 миң сомго бааланган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы төрөлгөн Б.С аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ага карата КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси “Уурулук” боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен айыпталуучу убактылуу үй абагына камалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ