Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев транспорт министринин кызмат ордуна конкурс жарыяланышы ыктымалдыгын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-декабрь күнү Жогорку Кеңештеги отурумда депутат Абдывахап Нурбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевге: “Транспорт жана жолдор министринин орун басары ири суммадагы пара менен кармалып жатса, Жамшитбек Калиловдун козголбой, министрлик кызматта иштешине моралдык укугу барбы?”  деген суроо узатып, маселени кабыргасынан койду.

Ага өкмөт башчы М.Абылгазиев: “ Биз министр менен сүйлөштүк. Ал орун басарынан коррупция боюнча шектенгендиги айтып атат. Биз бардык долбоорлорду кайрадан текшерүү боюнча тапшырма бердик. Мен бул иштин аягына чыгам. Эгер зарылдык жаралса, жаңы министрдин кызмат ордуна конкурс жарыялайбыз”, -деп жооп берип, транспорт министрлигиндеги паракорлукка кимдердин тийиштиги бар экенин тактап, иликтеп жаткандыгын билдирди.

Транспорт жана жолдор министрлигиндеги паракорлук боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Алардын арасында эгер министр баш болгон бир топ жооптуу адамдар менен макулдашылбаса, министрдин орун басары анчалык ири суммада пара ала алмак деген пикир үстөм.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: