Menu

Белгилүү улакчы Манасбек Ниязовдун үйлөнүү тою өтүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасынын мыкты оюнчусу, белгилүү улакчы Манас Ниязов үйлөндү. Анын үлпөт тою бүгүн, 12-декабрда, Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтүп жатат.

Колуктусунун аты Назира, экөө көп убакыттан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал 20 жашта, Өзгөн районунан болот. Ал эми улакчы 25 жашта, ал да ушул эле райондун Дөң-Булак айылынын кулуну.

Маалыматка ылайык, спортчунун тоюна Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан улакчы достору келген.

Эскерте кетсек, 10-декабрь күнү эки жаштын бата тою өткөрүлгөн. Ал күнү күйөө баланын туугандары жана достору кыздын үйүнө барып сый көрүп, каадалар жасалат.

Айта кетсек, Манас Ниязов Кыргызстандын алдыңкы улакчыларынын бири. Ал көк бөрү боюнча улуттук командада жана Оштун “Достук” командасында ойноп жүрөт. Бир туугандары Байыш, Кыяз, Баяман Ниязовдор да көк бөрү тартып мелдештерге катышып келишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: