Кыргызстандык спортчу Казакстандын Шымкент шаарында өткөн жаа атуу боюнча сынакта жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.
11-декабрда Шымкентте Казакстандын эмгек сиңирген тренери Шертай Амирбековдун жаркын элесине арналган салттык жарыш аяктады . Анда 10 мамлекеттен келген 180ден ашуун спортчу күч сынашкан, алардын ичинде Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышкан.
Кадеттер арасында катышкан Айтурган Маматкулова чемпион аталды, ал эми юниорлор арасынан Диана Канатбек кызы күмүш медаль тагынды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ